2023-жылдын 14-июнунда Россиянын Ички иштер министрлигинин Сибирь юридикалык институтунда “Мамлекеттик кызматтагы коррупцияга каршы күрөшүү: коррупцияга каршы стандарттарды иштеп чыгуунун жаңы этабы” деген темада эл аралык тегерек стол болуп өттү. Кыргызстандан видеоконференц байланыш режиминде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасынын башчысы, милициянын полковниги, юридика илимдеринин доктору Кадырова Чолпон Айзабековна катышты. Анын “Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик этикасынын кодекси – коррупцияга каршы жүрүм-турумдун жөнгө салуучусу катары” деген темадагы илимий баяндамасы кызуу талкууну жаратты. Милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүндөгү кызыкчылыктардын кагылышын жоюу механизмдери боюнча маселелер талкууланды. Ч.А.Кадырова КР ИИМдин Академиясынын Коррупцияны алдын алуу боюнча комиссиянын төрайымы катары мындай комиссиялардын билим берүү мекемелериндеги ишинин тажрыйбасын алмашуунун айрым маселелерине токтолду. 
            Жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары «Коррупцияга каршы күрөшүүнүн негиздери» сабагы боюнча сабактарда материалдарга киргизиле турган баалуу материал болуп саналып жана ошондой эле Коррупция жана башка укук бузуулардын алдын алуу боюнча иш-чаралардын планын ишке ашыруу зарыл деген сунуштарын айтышты.
PS. Кадырова Ч.А. 2023-жылдын 13-июнунан 15-июнуна чейин Ысык-Көл облусунда БУУнун АУЖКБ тарабынан уюштурулган Ички иштер министрлигинин кызматкерлери үчүн чыр-чатакты башкаруу көндүмдөрү боюнча тренингге катышты. Буга байланыштуу тегерек столго формачан эмес катышты.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *