Дене тарбияга даярдык кафедрасы

кафедранын начальниги Камчыбеков Н. А.

 Дене тарбия кафедрасы өз алдынча бөлүм катары 1992-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек жогорку милиция мектебинин базасында түзүлгөн.

Окутуулар дене тарбия жана ок атуу даярдыктар боюнча жүргүзүлдү. Кафедранын биринчи жетекчиси болуп педагогика илимдеринин кандидаты, доцент, дене тарбиянын отличниги, билим берүүнүн отличниги, бокс жана тогуз-коргоол боюнча улуттук даражадагы калыс, милициянын полковниги Кийизбаев М.С. (1992-1996-ж.) болгон.

Кийинки жылдарда кафедраны жетектегендер:

– 1996-2002-жылдары аскер полковниги Передерий В.И.;

– 2002-2005-жылдары милициянын полковниги Илимгазиев Т.Т.;

– 2005-2010-жылдары милициянын полковниги Абитов Т.Т.;

– 2010-2014-жылдары милициянын полковниги Жумабеков С.Т.;

– 2014-2018-жылдары милициянын полковниги Калыкбердиев Т.Ж.;

– 2018-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кафедранын начальниги болуп милициянын полковниги Н.А. Камчыбеков эмгетенип келет.

Академияда дене тарбияга даярдык сабагын өнүктүрүүгө, ошондой эле дене тарбияга даярдык кафедрасын өнүктүрүүгө Салыбаев З.К. (1991-1993), Байкулов Н.С. (1991-2008), Муктаров С.А. (1992-2006), Аманов Н.А. (1992-2009), Кунасов И.Ш., (1992-1993), Сыдыгалиев А.Т. (1992-1994), Рысмендиев Б.Б. (1992-2001), Аширбеков М.А. (1993-1994), Усубакунов Р.С. (1993-2001), Самудинов К.С. (1993-1996), Калыков А.А. (1994-2003), Эсенбеков А.А., (1992-2016), Абдыкеримов Э.Б. (1994-2014) сыяктуу кызматкерлердин салымы чоң. Ошондой эле кафедрада Казиев Т.А. (2001-2002), Абдырахманов К.К. (2002-2004), Тойчубеков Т.Т. (2006-2009), Абдырахманов М.А. (2003-2008), Эркесариев М.Ч. (2009-2015), Ботбаев А.М. (2006-2014), Жолдошев Н.Ж. (2009-2012), Асанбаев И. .Ж. (2008-2014), Жапаркулов Р.М. (2010-2016 .г.), Эгенбердиев Н.С. (2009-2016), Абакиров Н.Н. (2010-2011), Джапаркулов А.С. (2010-2011), Калдыбаев А.М. (2017-2018), Бутумбаев А.О. (1992-2021), Кермакунов Б.Т. (2019-2022) эмгектенишкен.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин күрөш жана самбо боюнча чемпионаттарынын бир нече жолку жеңүүчүсү жана байгелүү орундардын ээси, 1994-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары арасындагы спартакиадасынын жеңүүчүсү, 2007-жылы Казакстан Республикасынын Кустанай шаарында өткөн казак күрөшү боюнча Азия чемпионатынын  коло медалынын ээси, 2007-жылы Россия Федерациясынын Оренбург шаарында өткөн Европа чемпионатынын коло медалынын ээси.

Кафедранын бардык окутуучулары педагогикалык тажрыйбасы мол тажрыйбалуу окутуучулар. Алардын арасында спорттун ар кандай түрлөрү боюнча спорт чеберлери, эмгек сиңирген машыктыруучулар, билим берүүнүн отличниктери жана Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниктери бар.

        Кафедрада профессордук-окутуучу курамдын квалификациясын жогорулатуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Жаш мугалимдер менен үзгүлтүксүз иш алып барылып, алардын ар бирине тажрыйбалуу мугалимдер насаатчы болуп бекитилген.

Академиянын кызматкерлери спорттун самбо, жеңил атлетика, стол үстүндөгү теннис, Макаров пистолетинен, Калашников автоматынан жана майда калибирлүү винтовкасынан ок атуу, волейбол, шахмат, тогуз коргоол, ордо, дартс боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин курама командаларына киришип байгелүү орундарды ээлеп келишет.

Академиянын планына ылайык, кафедра Академияга өзгөрмө курамды толуктоого, мектеп бүтүрүүчүлөр арасында окууга талапкерлерди тандоо боюнча бекитилген окуу жайларда кесиптик багыт берүү иштерин жүргүзөт.

Кафедранын окутуучулары кесиптик, саптык, дене тарбия жана ок атуу даярдыктары  боюнча сабактарга катышып, ошону менен кесиптик деңгээлин жогорулатышат.

Кафедранын түптөлүшүнүн жүрүшүндө спорттун түрлөрү боюнча нормативдерди: Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чеберлерин – 18, Кыргыз Республикасынын спорт чеберлерин – 250, Кыргыз Республикасынын спорт чеберине талапкерди – 544 жана разрядчыларды – 1360 курсанттар жана студенттер аткарылган.

Окутулуучу дисциплина – жалпы жана атайын дене тарбия даярдык.

Басылмалар

Кийзбаев М.С., Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан физикалык күч көрсөтүү чараларын колдонуунун мыйзамдуулугу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү. Методикалык көрсөтмөлөр.

Сапаков К.Ж., Ишимов Б.Б., Кливлеев Р.К., Байкулов Н.С., Муктаров С.А., Киизбаев М.К. Кармашып урушуу мелдешинин эрежелери жана калыстык. Окуу методикалык пособие.

Кийзбаев М.С., Самудинов К.С., Сүйүмбаев З. Кармашып урушуу, спорттук күрөш жана каратэ-до терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү.  

Окуу методикалык пособие.

        Кийзбаев М.С., Азыркы этаптагы экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүүдөгү милиция кызматкерлеринин дене тарбиялык даярдыгы. Окуу-методикалык пособие.

        Абитов Т.Т., Абдыкеримов Э.Б. Гимнастика. 16 эсеп менен гимнастикалык көнүгүүлөрдүн окуу комплекстери. Окуу методикалык пособие.

        Абитов Т.Т., Максутов Р.А. Психологиялык тоскоолдуктардан өтүү. Окуу методикалык пособие.

        Абитов Т.Т., Кийзбаев М.С. Дене тарбия  даярдыгы боюнча стандарттык программа.

        Кызматташуу

        Мектеп жана студенттик спортун өнүктүрүү Дирекциясы, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын спорттун түрлөрү боюнча федерациялары менен бирдикте жыл сайын спорттун ар кандай түрлөрү боюнча шаардык, республикалык жана эл аралык масштабдагы массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү пландаштырылат.          Массалык спорттук жана ден соолукту чыцдоо иш-чаралары дайым өткөрүлүп турууда. Жеңил атлетика боюнча жазгы, күзгү кросс жана «Кырк-чоро» аскердик-патриоттук спорттук оюну салтка айланган.