ОИБ

Окуу-инспекциялык башкармалыгы (мындан ары ОИБ) 2004-жылдын июль айында түзүлгөн. ОИБ Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясынын түзүмдүк бөлүгү болуп эсептелет.

            ОИБдин ишмердүүлүгү Академиянын окуу процессин мерчемдөөгө жана уюштурууга, кафедралардын жана факультеттердин мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жогорку жана кесиптик билим берүүнү ишке ашыруу, ошондай эле кошумча билим берүү боюнча ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө багытталган.

ОИБдин ишинин негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:

  • Академиянын түзүмдүк бөлүктөрү, факультеттер жана  кафедралар менен биргеликте окуу-методикалык документтерди пландаштыруу жана иштеп чыгуу;
  • окутуунун күндүзгү жана сырттан окуу формаларында  курсанттарды, студенттерди, угуучуларды, адьюнктарды даярдоонун мазмунун аныктоо;
  • окутуунун сапатына жана анын мазмунунун окутуу пландарына жана программаларына дал келишин контролдоо.
  • кафедралардагы профессордук-окутуучулук курамдын окуу жүктөмүн эсептөө жана аткарылышын көзөмөлдөөнү ишке ашыруу;
  • окутуу процессин усулдук камсыз кылуу, жаңы билим берүү технологияларын жана каражаттарын киргизүү боюнча иштерди координациялоо;
  • педагогикалык чеберчилик мектебин уюштуруу, окуу-усулдук иштерин камсыз кылуу жана профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу;      
  • окутуу жана окуу-усулдук иштери боюнча жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер, ошондай эле Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайлары менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо;
  • Окуу-инспекциялык башкармалыгы окутуу процессинин уюштуруу, окутуу-пландаштыруу документтерин иштеп чыгуу, аккредитациялоодон жана лицензиялоодон өтүү жол-жоболору үчүн материалдарды даярдоо боюнча чоң жумуш аткарат;
  • Окуу-инспекциялык башкармалыгынын демилгеси менен эл аралык кызматташтыктын алкагында КР ИИМдин Академиясында ЕККУнун, Орусиянын, Литванын, Франциянын, Германиянын, Турциянын, Америка Кошма Штаттарынын, Кореянын эл аралык эксперттери тарабынан методикалык жана адистештирилген окутуу семинарлары үзгүлтүксүз өтөрүлүп турат.

Окуу-инспекциялык башкармалыгына (окуу бөлүмүнө) төмөнкү инсандар жетекчилик кылышкан:

  • милициянын полковниги А.В. Гольев – 1991-1993-ж;
  • милициянын полковниги Б.И. Борубашев – 1993-1997-ж;
  • милициянын полковниги К.А. Асаналиев – 1997-1998 -ж;
  • милициянын полковниги И.А. Рыскулов – 1998-1999 -ж;
  • милициянын полковниги Р.С. Бобушев – 1998-2000 -ж;
  • милициянын полковниги Ш.С. Мамыров – 2000-2001 -ж;
  • милициянын полковниги К.А. Исаева – 2002-2004 -ж;
  • милициянын полковниги А.М. Джумагулов – 2004-2005 -ж;
  • милициянын полковниги У.А. Алыбаков – 2005-2010 -ж;
  • милициянын полковниги С.А. Мажитов – 2010 – 2019-ж.

Азыркы убакта Окуу-инспекциялык башкармалыгын милициянын полковниги Абдымомунова Назира Абдымомунова жетектейт.

ОИБнын эң маанилүү багыттары:

  • мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде окутуу пландарын, окутуу процессинин календардык графигин,  жума сайын өтүлүүчү сабактарды текшерүү графигин, окуу сабактарынын, экзамендик сессиялардын, кирүү жана мамлекеттик экзамендерини жүгүрмөлөрүн иштеп чыгуу;  
  • окутуунун сапатына жана анын мазмунунун окутуу пландарына жана программаларына дал келишин контролдоо;
  • окуу жылына карата кафедралар боюнча профессордук-окутуучулук курамдын окутуу жүктөмүнүн эсебин түзүү жана анын аткарылыш контролдоо;
  • окуу сабактарынын бардык түрүнө педагогикалык контроллду уюштуруу, талдоолор менен камсыздоо жана контролдоонун жыйынтыктарын жалпылаштыруу.;
  • окутуу процессин методикалык материалдар жана адабияттар менен камсыз болушун контролдоо;
  • окутуу процессин методикалык жактан камсыздандандыруу, окутуунун жаңы билим берүү технологияларын жана каражаттарын, ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн практикалык тажырыйбаларын ишке киргизүү боюнча иштерди координациялоо;

окуу-методикалык жыйындарын жана конференцияларды өткөрүү, педагогикалык чеберчилик мектебинин (ПЧМ) иш алып баруусун уюштуруу аркылуу Академиянын профессордук-окутуучулук курамынын жана окутуу-көмөкчү персоналдарынын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү.