Кылмыш-жаза укук

кафедранын начальниги Исмаилов Р. Т.

Фрунзедеги атайын милициянын орто мектеби уюшулгандан бери кылмыш-жаза укугу, криминалистика жана кылмыштуулуктун алдын алуу кафедрасы түзүлгөн. Кийин, Фрунзедеги атайын милициянын орто мектеби Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек жогорку мектебиболуп кайра түзүлгөндөн кийин да кафедра өз аталышын сактап калган.

     2000-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жогорку мектебини Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясы болуп түзүлгөндө Кылмыш-жаза укугу, криминалистика жана кылмыштуулуктун алдын алуу кафедрасы кайра Кылмыш-жаза укугу кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.

   Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2014-жылдын 13-августундагы №599 “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын штаттык курамына  уюштуруу-штаттык өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” буйругу менен Кылмыш-жаза укугу кафедрасынын  профессордук-окутуучулар курамы көбөйүп, Кылмыш-жаза укугу жана кылмыштуулуктун алдын алуу кафедрасы болуп түзүлүп,  кийинчерээк Кылмыш-жаза укугу кафедрасы  болуп өзгөртүлгөн.

   Кафедрада төмөнкү предметтер окутулат: 1) кылмыш-жаза укугу; 2) криминалогия; 3) кылмыш-жаза аткаруу укугу; 4) кылмыштарды квалификациялоонун теориялык негиздери; 5) кылмыш-жаза мыйзамдарынын актуалдуу маселелери; 6) кылмыш-жаза аткаруу мыйзамдарынын актуалдуу көйгөйлөрү.

   Кафедра 12.00.08 адистиги боюнча адъюнкттарды даярдоого катышат.

Кафедрада төмөнкүдөй көрүнүктүү илимпоздор иштеген: юридика илимдеринин доктору, профессор Джоробекова Арзыгүл Мамаюнусовна (азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальнигинин окуу жана илимий иштер боюнча орун басары, изилдөө чөйрөсү – жашы жете электердин кылмыштуулугуна каршы күрөшүү боюнча чараларды өркүндөтүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын профессору.); Профессор Кигишян Василий Аркадьевич (1989-жылы Кыргыз Республикасынын ИИОнун кызматкерлеринин ичинен биринчи болуп СССРдин ИИМдин Академиясында юридикалык илимдердин кандидаты илимий даражасын алуу үчүн диссертациясын ийгиликтүү жактаган).

   Учурда кафедраны юридика илимдеринин кандидаты, доцент, милициянын полковниги Исмаилов Рустам Тахирович жетектейт (изилдөө багыты – кылмыш-жаза укугу жана балдардын криминологиялык коопсуздугу).

   Кафедранын авторлор жамааты тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мөөрү басылган көптөгөн илимий басылмалар, жазык укугу боюнча окуу китептери, ошондой эле монографиялар даярдалып, жарык көргөн.

   Кылмыш жаза укугу кафедрасы актуалдуу маселелер боюнча алдыңкы окумуштуулардын жана практиктердин катышуусунда илимий-практикалык семинарларды, тренингдерди, конференцияларды, тегерек столдорду дайыма өткөрөт.

   Кафедрада кылмыш-жаза укугу боюнча «Илим башаты» илимий ийрим ийгиликтүү иштеп келүүдө, анын катышуучулары Академиянын курсанттары жана студенттери. Кафедра негизделгенден бери Академиянын курсанттары бир нече жолу эң мыкты илимий иштер боюнча сынактарда, эл аралык илимий-теориялык конференцияларда, «Брейн ринг» интеллектуалдык оюнундарда жеңишке ээ болушкан.

   Сабакта окутуунун интерактивдүү ыкмалары колдонулат.

   Кылмыш-жаза укугунун ар түрдүү илимий мектептеринин окумуштууларын бириктирген кафедраны башка ЖОЖдордогу кылмыш-жаза укугу кафедраларынын арасында алдыңкы кафедраларга кошууга болот.

       Кафедрада тарбия иштери,  илимий-изилдөөчүлүк жана илимий-педагогикалык иштер жүргүзүлүп, кандидаттык жана докторлук диссертациялар даярдалууда.