ТКБ

Техникалык камсыздоо бөлүмү (мындан ары – бөлүм) Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын (мындан ары – Академия) түзүмдүк бөлүм болуп эсептелет.

Бөлүмдүн түзүмү жана штаты Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги  тарабынан аныкталат.

Бөлүм өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ар кандай ченемдик укуктук актыларын, Академия жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин, Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук актыларын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын буйруктарын жана буюрмаларын, ошондой эле ушул Жобону  жетекчиликке алат.

Бөлүмдүн иши автоматташтырылган башкаруу системаларын жана техникалык каражаттарды Академиянын ишмердүүлүгүнө киргизүүгө жана пайдаланууга багытталган .

Бөлүмдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

– заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды  Академиянын окуу, илимий, административдик, каржылык-чарбалык ишмердүүлүгүндө киргизүү жана аны тейлөө;

– Академиянын маалыматтык мейкиндигин калыптандыруу, Академиянын сайтын техникалык жактан колдоо, аны жаңылоо жана маалыматтык коопсуздугун камсыздоо;

– бардык техникалык каражаттардын түрлөрүн жана байланыш каражаттарын үзгүлтүксүз колдонууну комплекстүү уюштуруу;

– Академиянын кызматкерлерин коомдук тартипти камсыздоо иш-чаралары үчүн көтөрүп жүрмө байланыш каражаттар менен камсыздоо.