МСАТ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2021-жылдын 17-августундагы №522 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын генерал-майору Э.Алиев атындагы мамлекеттик сатып алуулар боюнча тобу түзүлгөн.

            Мамлекеттик сатып алуулар тобу (мындан ары – МСАТ) Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана түздөн-түз Академиянын начальнигине баш ийет.

            Түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аныкталат.

             МСАТ электрондук форматта мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын жана

мамлекеттик сатып алуулар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан электрондук форматта мамлекеттик сатып алуулар үчүн бекитилген.

            МСАТ мамлекеттик сатып алууларды электрондук форматта жүргүзүүдө мамлекеттик муктаждыктар үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү Мыйзамга ылайык натыйжалуулуктун, ачыктыктын, адилеттүүлүктүн, үнөмдүүлүктүн жана атаандаштыкты камсыз кылуунун принциптерин камсыз кылат.

Мамлекеттик сатып алуулар тобунун негизги милдети анын ишинин максатынан аныкталат жана милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

  • Бюджеттик жана атайын каражаттардын сметасына ылайык чыгымдарды пландаштырууну жана түзүүнү уюштуруу, сатып алуулардын планын түзүү;
  • Билим берүү процессин жана жалпысынан кызматтык ишти жүргүзүүнүн тартиби.