Административдик укук жана административдик иш

кафедранын начальниги милициянын полковниги Маматазизова Н.К.

Кыргыз Республикасынын  ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын Административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасы функционалдык багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдү чыгаруучу кафедра болуп эсептелет. Кафедра ИИМдин Бишкек жогорку мектебинин ачылышы менен түзүлгөн.  Кафедранын профессордук-окутуучулук курамын ИИОдо практикалык көп жылдык иш тажрыйбасы бар кызматкерлер түзөт.  

Кафедраны жетектеп келген начальниктер: милициянын полковниги Гамидов Эмиль Абдуллаевич (1990-2003жж.); юридикалык илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги  Кулбаев Аслан Касымалиевич (2004-2005жж.); юридикалык илимдеринин доктору,  милициянын подполковниги Осмоналиев Кайрат Медербекович (2006-2007жж.); азыркы учурда юридикалык илимдеринин доктору,  милициянын полковниги Маматазизова Нурия Кубанычбековна жетектейт. Ошондой эле 2006-2010 жылдары экс-министр генерал-майор, көрүнүктүү коомдук ишмер Акматов Жусупбек Акматович кафедранын профессордук кызматында эмгектенген.

Кафедранын алдында “Ювеналдык юстиция” жана “Милициянын коомчулук менен өз ара аракеттенүүсү” деген 2 ресурстук борбор иштейт. ИИОнун практикалык кызматкерлери үчүн үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу, балдар арасында укук бузуулардын алдын алуу жана ИИОнун калк менен өз ара аракеттенүүсү боюнча семинар-тренингдер өткөрүлөт.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын бардык факультеттеринде сабактар жүргүзүлөт.

Кафедра төмөнкү окуу дисциплиналары окутулат:

  1. Кыргыз Республикасынын Административдик укугу;
  2. Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык укугу;
  3. Ички иштер органдарынын административдик ишмердүүлүгү;
  4. Укук бузуулар иштери боюнча өндүрүш;
  5. Кыргыз Республикасынын бажы укугу;
  6. “Зыянды төмөндөтүү” атайын курсу;
  7. “Кварталдык милиция” атайын курсу;
  8. Балдардын кылмыштуулугун алдын алуу;
  9. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коопсуздугунун негиздери;
  10. Ички иштер органдарындагы алдын алуу иши;
  11. Ички иштер органдарында башкаруунун негиздери.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы жыл сайын квалификациясын жогорулатып турат.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы мыйзам чыгаруу жана мыйзам актыларынын долбоорлорун даярдоого активдүү катышып келет. Кафедранын начальниги Н.К.Маматазизова жана кафедранын ага окутуучусу А.А. Абдрахманов Кыргыз Республикасынын колдонуудагы укук бузуулар жөнүндө Кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамында болушкан.

Окуу процессин өркүндөтүү боюнча иш

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы окуу процессин өркүндөтүү максатында ар түрдүү методикалык ыкмаларды, окутуунун техникалык каражаттарын пайдалануу, ошондой эле семинарларды уюштуруунун жана курсанттар менен студенттердин өз алдынча ишинин интерактивдүү формаларын жана методдорун киргизүү боюнча иштерди жүргүзөт. Кафедранын профессордук-окутуучулук курамынын педагогикалык чеберчилигин жогорулатуу боюнча иштер дайыма жүргүзүлүүдө.

Кафедрада ишкердүү, ролдук оюндар, сабактарды “брейн-ринг” форматында өткөрүү, “окутуунун көйгөйлүү методу” сыяктуу окутуунун активдүү формалары жана ыкмалары киргизилип, дайыма ачык сабактар өткөрүлүп турат.

Тажрыйба алмашуу максатында кафедра ИИОнун башка бөлүмдөрү менен активдүү иштешип келет. Ошондой эле Россиянын ИИМдин окуу жайлары менен илимий изилдөө боюнча байланышта.

Кафедра алдыңкы тажрыйбаларды, окутуунун жаңы технологияларын жайылтуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү уюштуруу, жогорку билимдүү адистердин квалификациясын жогорулатууну уюштуруу максатында шаардык жана райондук ИИО менен байланыш түзүп келүүдө.

Окуу-методикалык иштер

Окутулуп жаткан сабактар боюнча кафедранын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан  окуу-усулдук куралдар даярдалган:

  1. Административная деятельность органов внутренних дел Кыргызской Республики. Учебное пособие. Б., 2008
  2. Организация деятельности участковых инспекторов милиции. Учебник. Б.,2010.
  3. Административная деятельность органов внутренних дел Кыргызской Республики. Учебник. Б., 2013
  4.  Особенности правоохранительной работы в многоэтническом сообществе. Учебное пособие. Б., 2012.
  5.  Профилактика детской преступности. Учебно-методическое пособие. Б., 2014.
  6.  Правовые основы снижения уязвимости представителей ЛГБТИ сообществ. Учебно-методическое пособие. Б., 2015.
  7.  Административная деликтология: теоретико-правовой анализ на опыте. Кыргызской Республики. Монография. Б., 2017.
  8. Административная деятельность органов внутренних дел Кыргызской Республики. Курс лекций. Б.,2017.
  9.  Правовые основы снижения вреда: теория и практика. Учебное пособие. Б., 2019.
  10. Административное право Кыргызской Республики. Курс лекций. Б.,2017.
  11.  Практическое пособие для ИДН ОВД КР, социальных педагогов и психологов школ по профилактике сексуального насилия в отношении несовершеннолетних. Б.,2020.
  12. Образцы процессуальных документов по делам о правонарушениях. Б.,2021.
  13.  Взаимодействие ОВД с Общественно-профилактическими центрами по профилактике правонарушений. Учебно-методическое пособие. Б., 2021.

Илимий-изилдөө ишмердүүлүгү

     Кафедрадагы илимий-изилдөө иши артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат жана окутуучулардын, адъюнктардын, докторанттардын, курсанттардын жана студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү жана көбөйтүү, илимий салттарды сактоо, курсанттардын жана студенттердин муундарын илимий ишке тартуу жана алардын арасында илимге болгон мамилени эң жогорку руханий баалуулук катары пропагандалоо максатында уюштурулат. Кафедрада курсанттар жана студенттер үчүн “административист”илимий ийрими иштейт.

Практика менен байланыш Курсанттар жана студенттер ички иштер органдарынын базалык бөлүмдөрүндө таныштыруу, окуу жана мамлекеттик практиканы өтүшөт. Практикалык сабактар ички иштер органдарынын атайын мекемелеринде өткөрүлөт.