Нөөмөт бөлүмү

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкектеги жогорку мектеби Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 15-январындагы №3 жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясы болуп түзүлгөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майындагы №256 Токтомун аткаруу максатында “Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын Жобосу” бекитилген. Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2000-жылдын 25-июнундагы №266 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Нөөмөт бөлүгүнүн Жобосу бекитилген (күчүн жоготкон).

         Нөөмөт бөлүгү  Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А.Алиев атындагы Академиясынын түзүмдүк бөлүгү болуп эсептелет жана Академиянын начальнигине, ошондой эле кураторлук кылган Академиянын начальнигинин орун басарына түздөн-түз баш иет.

         ИИМдин Академиясынын Нөөмөт бөлүгүнүнүн кызматкерлери өзүлөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды Академиянын башкармалыктары, факультеттери, кызматтары, кафедралары жана башка бөлүктөрү менен тыгыз байланышта аткарышат.

         Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 2020-жылдын 12-июнундагы №149 буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Нөөмөт бөлүгүнүн Жобосу бекитилген.

Нөөмөт бөлүмү өзүнүн ишмердигин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын ведомстволук актыларын жетекчиликке алат.

Нөөмөт бөлүмү өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын структуралык бөлүктөрү менен тыгыз байланышта ишке ашырышат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2019-жылдын 29-августундагы №714 “Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам чара көрүү борборунун ишмердүүлүк Нускамасын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын ИИОнун нөөмөт бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоого ылайыкталган бөлмөлөрү жөнүндө” Жобосун жана 2021-жылдын 13-январындагы №18 “Кыргыз Республикасынын ИИОнун жетекчиликтен жооптуулардын, ИИОнун тергөө-ыкчам тобунун нөөмөттүк суткадагы иши жөнүндө Нускаманы жана окуя болгон жерди кайтарууну уюштуруу тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү жөнүндө” буйруктарынын негизинде нөөмөт бөлүмүнүн кызматкерлери б.а. нөөмөт бөлүмүнүн начальниги, улук инспекторлору, нөөмөткердин жардамчылары жана Кыргыз Республикасынын Академиясынын нөөмөт сменалары күнүгө күнү-түнү, майрам жана эс алуу күндөрү да суткалык кезметке турушат.  Нөөмөт учурунда камсыздашат:

      – Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Академиясынын жетекчилигинин буйруктарын, көрсөтмөлөрүн ыкчам аткаруу;

       –    Академиянын оперативдүү кырдаалы жөнүндө үзгүлтүксүз күнү-түнү маалыматты чогултуу, иштеп чыгуу жана өткөрүп берүү;

        –   Академиянын кызматтык иш кагаздарын, куралдарын, ок-дарыларын, байланыш каражаттарын, атайын каражаттарын, ыкчам жана бөлөк техникасын жана  башка мүлкүн сакталышын камсыз кылуу;

        –  Администрациялык имараттарды жана  анын аймагын кайтарууну жана коргоону,  өрткө каршы коопсуздугун жана санитардык абалын көзөмөлдөө;

  • Академиянын көзөмөлдөп-өткөрүү режимин ишке ашыруу;

– Нөөмөт бөлүмүнө  келип түшкөн  укук бузуулар, өзгөчө кырдаалдар жана кырсыктар болгону жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуу, каттоо жана ошондой эле аларга өз учурунда чара көрүү;

   – Академиянын суткалык нөөмөт кезметинин кызмат  күч  каражаттарын үзгүлтүксүз көзөмөлдөө жана башкаруу;

         – Академиянын аймагында табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдалдардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-аракеттерди уюштуруу;

         – Академиянын өздүк курамына жоо камдык атайын белгилерин жеткирүү жана кабарлоо. Нөөмөт бөлүмүнүн жана нөөмөт сменаларынын кызматкерлери   Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын административдик имараттарын кайтаруу жана коргоо боюнча өзүлөрүнүн фунционалдык милдеттерин аткаруу учурунда, курал-жарактарын өз убагында тапшырбай коюуга, ошондой эле, имаратты басып алууга жана кезметинин өздүк курамынын катышуусу менен коштолгон башка олуттуу каталарга жол берген эмес жана бүгүнкү күндө өзүлөрүнүн функционалдык милдеттерин жана Академиянын  жетекчилиги тарабынан коюлган тапшырмаларды так жана татыктуу аткарып келишүүдө.