ЖУС

кафедранын начальниги Тагаева А. М.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын жарандык-укуктук сабактар кафедрасы 1993-жылы укуктун маанилүү тармактары жаатында көндүмдөргө жана билимдерге ээ, жогорку юридикалык билими бар адистерди даярдоо зарылдыгына байланыштуу түзүлгөн.

Ар кайсы жылдары жарандык-укуктук сабактар кафедрасын төмөнкү начальниктер жетектешкен:

1) Смагулов Марс Бейсенбаевич;

2) Курманалиев Болот;

3) Усенов Ибрагим Джапакович;

4) Согаева Лариса Ивановна;

5) Төлөбаева Жылдыз Калыбековна;

6) Кулматова Венера Шаарпбековна.

2018-жылдын октябрынан азыркы учурга чейин – юридика илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Тагаева Асель Манаповна жетектөөдө. Кафедрада төмөнкү сабактар окутулат: жарандык укук; жарандык процесстик укук; экологиялык укук; эмгек укугу; жер укугу; үй-бүлөлүк укук; ишкердик укук; автордук жана патенттик укук; салык укугу; финансылык укук; нотариат; сот риторикасы; камсыздандыруу укугу; маалыматтык укук; маалыматтык коопсуздук.

Кафедра бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу темалар боюнча төмөнкү тегерек столдорду өткөрдү:

– «Кыргыз Республикасынын ИИОнун ишин финансылык камсыздоо» (КРнын ИИМдин Академиясы, октябрь 2011-ж.);

– «ИИОнун кызматкерлеринин эмгегин жөнгө салуу өзгөчөлүктөрү» (КРнын ИИМдин Академиясы, ноябрь 2012-ж.);

– «Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк институтун өркүндөтүү» (КРнын ИИМдин Академиясы, октябрь 2013-ж.);

– «Кыргыз Республикасынын ИИБнын кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын жалаа жабуудан коргоо» (КРнын ИИМдин Академиясы, ноябрь 2015-ж.);

– «Заманбап экологиялык мамилелердин шарттарында айлана-чөйрөнү укуктук коргоо» (КРнын ИИМдин Академиясы, апрель 2016-ж.);

– «Жашы жете электердин эмгегин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү: көйгөйлөр, перспективалар» (КРнын ИИМдин Академиясы, март 2017-ж.);

– «Кыргыз Республикасындагы балдарга карата зомбулук: эски көйгөйдү чечүүнүн жаңы ыкмалары» (КРнын ИИМдин Академиясы, март 2018-ж.);

– «Кыргыз Республикасында камсыздандыруу ишин өнүктүрүү (КРнын ИИМдин Академиясы, май 2019-ж.);

– «Заманбап сот адилеттиги теориялык жана практикалык маселелер» (КРнын ИИМдин Академиясы, май 2020-ж.);

– «Азыркы шартта жарандык укуктун орду жана ролу» (КРнын ИИМдин Академиясы, март 2021-ж.).

Акыркы мезгилде кафедрада төмөнкү илимий эмгектер даярдалып, басылып чыгарылды:

– «Кыргыз Республикасында эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдардын жарандык жүгүртүүсүнө катышуу» (монография). Бишкек: Маданият, 2012.

– «Жарандык укук» дисциплинасы боюнча өз алдынча ишти уюштуруу боюнча методикалык сунуштамалар. Россия Федерациясынын ИИМдин Санкт-Петербург университети, 2011.

– Тергөө кызматкерлерин даярдоо боюнча факультетте жарандык укук боюнча практикалык сабактарды даярдоо жана өткөрүү боюнча методикалык сунуштар. Россия Федерациясынын ИИМдин Санкт-Петербург университети, 2011.

– «Кыргыз Республикасынын коммерциялык укугу» окуу-методикалык колдонмосу, Бишкек, 2010.

– «Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк укугу» лекциялар курсу, Бишкек, 2011.

– «Кыргыз Республикасынын жарандык укугу: өзгөчө бөлүк» Бишкек, 2011.

– «Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси схемаларда» (жалпы бөлүгү). Бишкек, 2011.

– Эмгек укугу боюнча окуу-методикалык колдонмо. Бишкек, 2011.

– Үй-бүлөлүк укук боюнча окуу-методикалык колдонмо. Бишкек, 2011-ж.

– Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси схемаларда (жалпы бөлүгү). Бишкек, 2012.

– «Кыргыз Республикасынын жарандык укугу: жалпы бөлүк» лекциялар курсу. Бишкек, 2012.

– «Ишкердик укук» окуу-методикалык куралы. Бишкек, 2012.

– «Эмгек укугу» курсу боюнча семинардык сабактарды өткөрүү боюнча методикалык сунуштамалар. Бишкек, 2012.

– «Коммерциялык укук» окуу куралы. Бишкек, 2012.

– «Экологиялык укук» лекциялар курсу. Бишкек, 2012.

– «Жазык процессиндеги атаандаштык» монография. Санкт-Петербург, 2013.

– «Ишкердик укук» лекциялар курсу Бишкек, 2015.

– «Аялдарга карата гендердик зомбулуктун алдын алуу» окуу-методикалык куралы. Бишкек, 2018.

– Мамлекеттик тилдеги «Кылмыштар жана жоруктар үчүн жаза» окуу куралы (авторлоштукта). Бишкек, 2019.

– «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза укугу” окуу китеби (авторлош болуп). Бишкек, 2021-ж. – Мамлекеттик жана расмий тилдерде «Жарандык укук (жалпы бөлүк)» схемаларынын альбому. Бишкек, 2022.