Маалымат-китепкана борбору

Борбордун начальниги Искендерова М. К.

Маалыматтык-китепкана борбору (МКБ) окуу процессин жана илимий-изилдөө иштерин ченемдик актылар, атайын окуу методикалык адабияттар менен камсыздоочу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын структуралык бөлүмдөрүнүн бири болуп саналат, ошондой эле маалымат, рухий жана интеллектуалдык байланышты, маданиятты жайылтуучу борбор.

 Маалыматтык-китепканалык борбору өзүнүн ишмердүүлүгүндө  Кыргыз Республикасынын  Конституциясын, Кыргыз Республикаснын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамы, китепканалык ишти жана жашыруун сырды тартиптөөчү Кыргыз Республикаснын башка ченемдик-укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук актыларын, КРнын ИИМдин Академиясы жөнүндө жобону жана Борбордун жобосун колдонот.

Маалыматтык-китепканалык борборунун негизги максаты Академиянын илимий жана билим берүү ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлде маалыматтык камсыздоонун заманбап деңгээлин түзүү, маалыматтык ресурстарды мүмкүн болушунча кеңири пайдаланууга ыкчам жеткиликтүүлүгүн ишке ашырууну уюштуруу.

Борбордун милдеттери:

– окурмандардын суроосуна жана талаптарына ылайык китепканалык жана маалыматтык-библиографиялык тейлөө.

– Академиянын профилине жана окурмандардын маалыматтык талаптарына ылайык китепканалык фондун түзүү.

  • окурмандарды толук жана ыкчам тейлөө максатында, ошондой эле иш алып баруу методдорун өркүндөтүү үчүн маалымдоо-издөө аппаратын жаңыртуу жана редакциялоо, электрондук каталогду киргизүү;

– борбордун ишин жакшыртуу үчүн жаңы технологияларды жана «EBilim» заманбап маалымат системасын ишке киргизүү, ошондой эле маалыматтык-китепкана процессин компьютерлештирүү.   

Борборду милициянын подполковниги Искендерова Махабат Кабылбековна жетектейт. Борбор атайын, жалпы жана криминалистикалык китепканалардан турат.