Мамлекеттик кызматтар

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр
           Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы  № 85 “Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө” Токтомунун жана  Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 15-майы № 259 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Токтомунун негизинде ИИМдин Академиясы 14 мамлекеттик билим берүү кызматын көрсөтөт, анын ичинен 12си акы төлөнүүчү, 2си акысыз.
1.     Бакалавр даярдоо программалары боюнча белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары окутуунун күндүзгү формасында кесиптик жогорку билим берүү – акы төлөнөт.
2.     Бакалавр даярдоо программалары боюнча окутуунун сырттан окуу формасында кесиптик жогорку билим берүү – акы төлөнөт.
3.     Бакалавр даярдоо программалары боюнча окутуунун аралыктан окуу формасында кесиптик жогорку билим берүү – акы төлөнөт.
4.     Адис даярдоо программалары боюнча белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары окутуунун күндүзгү формасында кесиптик жогорку билим берүү – акы төлөнөт.
5.     Адис даярдоо программалары боюнча сырттан окутуу формасында кесиптик жогорку билим берүү – акы төлөнөт.
6.     Адис даярдоо программалары боюнча окутуунун аралыктан окутуу формасында кесиптик жогорку билим берүү – акы төлөнөт.
7.     Магистр даярдоо программалары боюнча белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары окутуунун күндүзгү формасында кесиптик жогорку билим берүү  – акы төлөнөт.
8.     Магистр даярдоо программалары боюнча окутуунун сырттан окуу формасында кесиптик жогорку билим берүү – акы төлөнөт.
9.     Магистр даярдоо программалары боюнча окутуунун аралыктан окутуу формасында кесиптик жогорку билим берүү – акы төлөнөт.
10. Жогорку окуу жайынан кийин белгиленген квотадан (мамлекеттик заказдан) тышкары кесиптик билим берүү (изденүүчүлүк, аспирантура, адъюнктура, докторантура) – акы төлөнөт.
11. Кошумча кесиптик билим берүү – акы төлөнөт.
12. Алган кесиптин базасында жогорку билимге кошумча квалификация ыйгаруу менен кошумча кесипке кайра даярдоо – акы төлөнөт.
13.  Бакалавриат программалары боюнча жогорку кесиптик билим берүү, белгиленген квота (мамлекеттик заказ) чегинде окутуунун күндүзгү формасында билим берүү – акысыз
14.  Белгиленген квотанын чегинде адистерди даярдоо программалары боюнча  окутуунун күндүзгү формасында жогорку кесиптик билим берүү – акысыз.