жазык процесс

Кафедраны юридика илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Айдарбеков Жыргалбек Токтоназарович жетектейт.  

Жазык процесс кафедрасы 1994-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМнин Бишкектеги жогорку мектебинде түзүлгөн. Жазык процесс кафедрасы Кыргыз Республикасынын ИИМ Академиясынын жетектөөчү, чыгаруучу кафедрасы болуп саналат.

Кафедранын башчылары болуп иштешкен:

– 1994 – жылдан тартып милициянын полковниги Джыргалбаев К. У.;

– 1996 – жылдан тартып милициянын полковниги Өмүралиев С. Ч.;

– 1999 – жылдан тартып милициянын полковниги Джообазаров М. К.;

– 2002 – жылдан баштап милициянын полковниги Кулбаев А. К.;

– 2007 – жылдан тартып милициянын полковниги Момбеков Р. М.;

– 2014 – жылдан баштап кафедранын начальнигинин милдетин аткаруучу милициянын полковниги Осмоналиев Т. А.;

– 2015 – жылдан баштап милициянын полковниги Оролбаев М. П.;

– 2019 – жылдан баштап кафедранын начальнигинин милдетин аткаруучу милициянын полковниги Джоробеков З. М.

Кафедрада юридикалык илимдеринин төрт кандидаты эмгектенет, алардын бирөө «доцент» илимий наамына ээ. Диссертациялык изилдөөлөр жазык процесси боюнча адистешкен Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү окумуштууларынын жетекчилиги алдында аткарылган жана корголгон. Кафедранын калган курамы изденүүчүлөр, адъюнкттар катары бекемделип, илимий иштер менен алектенишет. Профессордук-окутуучулук курамдын 80% тергөө иш стажына ээ. Кафедра окуу аудиториясы менен жабдыкталган.

Кафедра жөнүндө жободо кафедранын баардык мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттери чагылдырылган.

Факультеттерди жана предметтерди окутуучуларга бөлүштүрүү алардын билимине жана иш тажрыйбасына жараша жүргүзүлөт.

Кафедрада тажрыйбалуу кызматкерлер жаш окутуучуларга насаатчы болуп бекитилишет.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы ИИМдин жана ИИМдин Академиясынын жетекчилиги тарабынан бир нече ирет сыйланышкан. 2007-жылы жана 2020-жылы жазык процесс кафедрасы жылдын мыкты кафедрасы деп табылган. 2010-жылы кафедранын ага окутуучусу милициянын капитаны Э.А. Абдымомунова ИИМдин ЖОЖдорунун мыкты окутуучусу болгон. 2015-жылы кафедранын ага окутуучусу милициянын подполковниги Ж.Т. Айдарбеков ИИМдин ЖОЖдорунун мыкты окутуучусу деп табылган.

Мындан тышкары, профессордук-окутуучулук курам ар кандай мыйзамдарды жана укуктук ченемдик актыларды иштеп чыгууга активдүү катышууда.  

Профессордук-окутуучулук курам жыл сайын кесиптик багыт берүү иштерине катышып келет.

Кафедранын бардык кызматкерлери күжүрмөн жана кызматтык даярдоо жана дене тарбия боюнча сабактарга үзгүлтүксүз катышат.

Кафедрада 5 факультетте 6 сабак окутулат:

– жазык процесстик укук;

– прокурордук көзөмөл;

– сотко чейинки өндүрүш;

– жазык процесси боюнча практикум;

– Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары;

– адвокатура.

  • Жазык процесстик укук күндүзгү окутуу факультеттин 3-курсунун курсанттарына жана студенттерине, дистанттык-сырттан окутуу факультетинин угуучуларына, илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо факультетинин адъюнкттарына, изденүүчүлөрүнө окутулат.
  • Прокурордук көзөмөл күндүзгү окутуу факультетинин 4-курсунун студенттерине жана дистанттык-сырттан окутуу факультетинин угуучуларына.
  • Сотко чейинки өндүрүш дистанттык-сырттан окуу факультетинин угуучуларына.
  • Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары күндүзгү окутуу факультетинин 2-курсунун курсанттарына, дистанттык-сырттан окутуу факультетинин угуучуларына.
  • Адвакатура күндүзгү окутуу факультетинин 4-курсунун студенттерине жана дистанттык-сырттан окуу факультетинин угуучуларына.

Уюштуруу-методикалык иштер

Кафедранын начальниги график боюнча окуу сабактарына контролдук барууларды жана аларды талкуулоону жүргүзөт.

Кафедранын окутуучулук курамы график боюнча сабактарга өз ара барууну жана аларды талкуулоону жүргүзөт.

Эң тажрыйбалуу мугалимдер жыл сайын ачык академиялык сабактарды өткөрүшөт.

Кафедрада ИИМдин, Илим жана маданият министрлигинин буюрмалары, көрсөтмөлөрү, буйруктары, Кыргыз Республикасынын Президентинин сүйлөгөн сөздөрү, Өкмөттүн токтомдору, жаңы мыйзамдар, ошондой эле окуу процессин өзгөртүүсүнө тиешелүү орнотмолор дайыма изилденип турат.

Практика менен байланыш жана башка ЖОЖдор менен кызматташуу

Жазык процесс кафедрасы тарабынан Башкы тергөө башкармалыгына, Жогорку Кеңешке (Конституциялык мыйзамдар жана сот-укуктук реформа боюнча комитети, коргоо комитети) Жазык-процесстик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча бир катар сунуштар киргизилген. МАКтын предметтик комиссиясынын төрагасы жыл сайын КР ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын башчысы болуп саналат.

Кафедранын окутуучулук курамы башка ЖОЖдордун окутуучуларынын сабактарына үзгүлтүксүз барып турушат. Отчеттук мезгилде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети, Кыргыз-Россия Славян университети сыяктуу жогорку окуу жайлары болду.

Кафедранын профессордук-окутуучу курамы Россиянын ИИМ башкаруу академиясы, Караганда юридикалык институту менен байланышта.

Илимий-изилдөө иштери

Кафедранын профессордук-окутуучу курамы тегерек столдорго, семинарларга, конференцияларга дайыма катышып турат.

Тарбия иштери

Профессордук-окутуучу курам дайыма курсанттарды тарбиялоо менен алектенет, кафедранын жыйындарында жетишпеген курсанттарды талкуулоо өткөрүлөт. Курсанттар ЖОЖдор аралык мелдештерге мезгил-мезгили менен даярдалат, ал жерден байгелүү орундарды ээлешет. Мындан тышкары кафедранын профессордук-окутуучу курамы ИИОнун жана прокуратуранын аймактык бөлүмдөрүндө көчмө сабактарды өткөрүшөт.

Жалпы маалымат

1. Жазык процесскафедрасы Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын түзүмдүк бөлүгү болуп эсептелет.

2. Кафедра өзүнүн ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ар кандай ченемдик укуктук актыларын, Академия жөнүндө Жобону, Кыргыз Республикасынын  Ички иштер министрлигинин,  Билим берүү жана илим министрлигинин ведомстволук актыларын,  Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысынын буйруктарын жана буюрмаларын жетекчиликке алат.

3. Кафедра кафедрага белгиленген тартипте бекитилип берилген сабактарды тиешелүү илимий-теориялык, усулдук жана уюштуруучулук деңгээлде окутууну, илимий-изилдөөчүлүк жана илимий-усулдук иштерди жургүзүүнү камсыз кылган   профессордук-окутуучулук курамды (профессор, доцент, улук окутуучу, окутуучу) бириктирет. 

4. Кафедрага кафедранын илимий багыты боюнча окуу процессин жана илимий-изилдөө иштерин камсыз кылуучу адистештирилген класстар, окуу-методикалык кабинеттер бекитилиши мүмкүн.

5. Кафедранын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты жогорку, ЖОЖдон кийинки жана кошумча кесиптик билим алуу аркылуу инсандын интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүнө болгон муктаждыктарын канааттандыруу болуп саналат.

6. Кафедранын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

–  профессордук-окутуучулук курамдын окуу-усулдук ишмердигин өркүндөтүү;

– окугандардын инсандык чыгармачыл дараметин жана алардын мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү максатында кафедранын тармагына ылайык окутуу технологиясын өркүндөтүү;

– профессордук-окутуучулук курамдын, илимий-педагогикалык кызматкерлер менен окугандардын биргелешкен чыгармачылык ишмердиги аркылуу фундаменталдык, колдонмо илимдерди өнүктүрүү, алынган натыйжаларды окуу процессинде пайдалануу;

– окугандарды, ошондой эле кафедранын тармагы боюнча жогорку квалификациялуу илимий педагогикалык кадрларды алгачкы даярдоо, даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Академиянын ишмердигине катышуу;

-кафедранын тармагы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий колдонмолорду даярдоо;

– адеп-ахлактык, маданий жана илимий баалуулуктарын  сактоо жана көбөйтүү жана аларды окугандарга кызыктырып пайдалануу;

– жалпы билим берүү мекемелеринде окугандардын арасында кесиптик багыт берүү  иштерин өткөрүү;

  • окугандардын арасында тарбия иштерин жүргүзүү;

7. Кафедра функционалдык багыты боюнча бүтүрүүчүлөрдү чыгаруучу кафедра болуп эсептелет.

8. Кафедра төмөнкүдөй  функцияларды аткарат:

– мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат жана аларды Академиянын Окуу-усулдук кеңешинин жана Окумуштуулар кеңешинин кароосуна киргизет; 

– белгиленген тартипте бекитилген кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууга катышат, тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын сакталышына жооп берет;  – окуу пландарында каралган кафедрага бекитилген бардык сабактар боюнча лекцияларды, семинардык жана практикалык сабактарды, окугандардын өз алдынча иштөөлөрүн жана сабактын башка түрлөрүн илимий-теориялык, методикалык жана уюштуруучулук деңгээлде окутуунун бардык формалары боюнча жүргүзөт;