Мамлекеттик укуктук дисциплинала

Начальник кафедры Момбекова Д.М.

Курсанттарга жана угуучуларга мамлекет жана укуктун пайда болуусунун негиздеринин тарыхый жана эл аралык аспектилерин окутуп үйрөтүүнүн негизинде Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы 1991-жылы ички иштер министрлигинин Бишкек жогорку мектебинин алдында түзүлгөн.

Кафедранын алгачкы жетекчилеринен болуп юридика илиминин доктору, доцент Чикеева Зуура Чымырбаевна 1991-жылдан 1996- жылга чейин жетектеген. 1997-жылдан 2001- жылга чейин юридика илимдеринин кандидаты, доцент Рыскулов Имразан Абдыбачаевич жетектеген. 2001- жылдан 2003-жылга чейин милициянын оставкадагы полковниги Ирискулов Сапарбай Ирискулович жетектеди. 2004-жылдан 2021- жылга чейин юридика илимдердин доктору, 40тан ашык илимий эмгектердин автору, доцент Ботоева Чинара Кичийевна жетектеген. 2021-жылдан бүгүнкү күндө юридика илимдердин кандидаты,  милициянын полковниги Момбекова Дамира Максымбековна үзүрлүү эмгектенип келе жатат.

Кафедра өз уясынан 15 юридика илиминин кандидаттарын даярдап, учурда алар илимий мамлекеттик кызматтарда үзүрлүү эмгектенишүүдө.

Бүгүнкү күндө кафедрада төмөнкү сабактар окутулат:

  • Мамлекеттин жана укуктун теориясы;
  • Чет өлкөлөрдүн мамлекет жана укугунун тарыхы;
  • Ата-Мекендик мамлекеттин жана укуктун тарыхы;
  • Кыргыз Республикасынын Конституциялык укугу;
  • Чет өлкөлөрдүн Конституциялык укугу;
  • Адам укугу
  • Эл аралык укук;
  • Эл аралык жеке укук;
  • Муниципалдык укук.

Кафедра өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыты катары Академиянын даражасын илимий дүйнөдө көтөрүүнү аркалайт. Кафедранын профессордук окутуучулук курамы тарабынан курсанттарга терең билим берүү менен бирдикте Ички иштер министрлигине жогорку билимдүү квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатында алгылыктуу иш алып баруу менен бирдикте, ар кандай эл аралык долбоорлордо Ички иштер министрлигинин ишмердигин реформалоого байланышкан нормативдик актыларды мыйзамдарды иштеп чыгууга активдүү катышышат.

Акыркы жылдары кафедра тарабынан көптөгөн окуу куралдар, курсттук лекциялар чыгарылган.

Кафедранын профессордук-окутуучулук жамааты тарабынан төмөнкү окуу-методикалык куралдары даярдалды:

Становление правоохранительных органов Кыргызстана / Асаналиев Т.А., Бегалиев С.И., Исманов Т.К., Наматбаев С.Н. Бишкек, 1996.

Асаналиев Т.А., Исманов Т.К. История милиции Кыргызстана (1917- 1924 гг.). – Бишкек, 1998.

Дубанаев Б.С. Местное самоуправление – основа демократии. – Бишкек, 2000.

Джумабаев М.Дж. Развитие избирательной системы Кыргызстана: Монография, – Бишкек, 2004.

Азыгалиев Р.Ш. Конституционно-правовая ответственность в Кыргызской Республике: Монография. – Бишкек, 2008.

Ботоева Ч.К. «Юриспруденция» багыты боюнча Мамлекет жана укуктун теориясы сабагынан Окуу-методикалык курал- Бишкек, 2008.

Ботоева Ч.К. Государственный аппарат: вопросы теории и практики: Монография. – Бишкек, 2008.

Толобаева Ж.К. Муниципальное право Кыргызской Республики: Курстук лекциялар – Бишкек, 2010.

Основы противодействия коррупции Юкуу куралы – Бишкек, 2010.

Ботоева Ч.К., Каримов А.Б. Методические рекомендации по написанию курсовой работы по Теории государства и права. — Бишкек, 2010.

Кулманбетова А.А. Конституционное право Кыргызской Республики: Альбом – схем. – Бишкек, 2010.

Орозбаева Н.Х. История государства и права зарубежных стран: Курстук лекция – Бишкек, 2011.

Кадырова Ч.А., Каримов А.Б., Усенбаев Д.М. Римдик укук боюнча кыскача курстук лекциялар – Бишкек, 2011.

Ботоева Ч.К. Теория государства и права: Курстук лекция – Бишкек, 2012.

Каримов А.Б., Автандилова С.М. Международное право в терминах и определениях: Окуу куралы – Бишкек, 2011.

Кулманбетова А.А., Шамшиева Д.К. Избирательное право Кыргызской Республики. – Бишкек, 2011.

Орозбаева Н.Х. История государства и права зарубежных стран (на гос. языке). – Бишкек, 2011.

Каримов А.Б. Основы противодействия коррупции: Глоссарий. 2011.

Каримов А.Б., Автандилова С.М. Муниципальное право в терминах и определениях:Окуу куралы – Бишкек, 2012.

Бирназаров Ж., Кадырова Ч. «Апрельские события глазами курсанта». – Бишкек: Максат, 2012.

Автандилова С.М. Избирательное законодательство Кыргызской Республики: Монография.

Ботоева Ч.К. Мамлекеттик жана укуктук теориясы (схема турундо): Учебное пособие. Бишкек. 2013.

Ботоева Ч.К., Каримов А.Б. Методические рекомендации по написанию письменных работ по предмету Теория государства и права.

Кадырова Ч.А. Конституционное право зарубежных стран: Учебно­методическое пособие.

Молдобаев Б.Т. Технология разработки и методика проведения кафедральных игр по специальной дисциплине Конституционное право Кыргызской Республики

Орозбаева Н.Х., Аширов Ж.Т. История государства и права Кыргызской Республики в схемах (на гос.языке): Учебно-методическое пособие.

Орозбаева Н.Х. Римское право в схемах (на гос.языке): Учебно­методическое пособие

Ботоева Ч.К. Теория государства и права. Учебное пособие. Б. 2014.

Аширов Ж.Т. История государства и права зарубежных стран: альбом – схема. – Бишкек, 2014.

Ботоева Ч.К. Теория государства и права. Учебно- методическое пособие. Бишкек, 2014.

Ботоева Ч.К. Роль ОВД Кыргызской Республики в реализации функций государства: Монография. Бишкек, 2014.

Каримов А.Б. Глоссарий по муниципальному праву. Бишкек, 2014.

Кулманбетова А.А. Конституционное право Кыргызской Республики: Окуу-методикалык куралы. Бишкек, 2014.

Аширов Ж.Т., Тургунбаев С.Т. Кыргызстандын мамлекет жана укук тарыхы (История отечественного государства и права на государственном языке). Бишкек, 2015.

Кадырова Ч.А. Чет өлкөлөрдүн мамлекет жана укук тарыхы боюнча маселелердин жыйнагы (Сборник задач по ИГПЗС на государственном языке). Бишкек, 2015.

Курманалиева А.К. Международное гуманитарное право. Окуу-методикалык куралы.  Бишкек, 2015.

Ботоева Ч.К. Мамлекеттин жана укуктун теориясы. Окуу-методикалык куралы. Бишкек, 2016.

Ботоева Ч.К., Тургунбаев С.Т. Мамлекет жана укук теориясы. Укук китеби. Бишкек, 2016.

Ботоева Ч.К., Каримов А.Б., Аманбаев М.К. Мамлекет жана укук теориясы. Курстук иштерди жазуу боюнча методикалык сунуштама. Бишкек, 2016.

Тургунбаев С.Т., Аманбаев М.К. Кыргызстандын мамлекет жана укук тарыхы. Курстук лекция. Бишкек, 2016.

Кадырова Ч.А. Чет өлкөлөрдүн укук жана мамлекеттин тарыхы. Курстук лекция. Бишкек, 2016.

Курманалиева А.К. Эл аралык гуманитардык укук. Курстук лекция. Бишкек, 2016.

Ботоева Ч.К. Мамлекеттин жалпы теориясы боюнча окуу куралы Бишкек, 2017.

Тургунбаев С.Т. Мамлекет жана укук теориясы. Окуу куралы (мамлекеттик тилде) Бишкек, 2017.

Ботоева Ч.К. Мамлекеттин жана укуктун теориясы. Курстук иш. (мамлекеттик тилде) Бишкек, 2018.

Момбекова Д.М., Кыргызской Республики Конституционное укугу. Курстук лекция. – Бишкек, 2020.

– Момбекова Д.М., Теоритико-правовые основы реализации охранительной функции право в Кыргызской Республике. Монография. – Бишкек, 2021.

Кафедра жамааты бир гана курсанттарга билим берүү менен чектелбестен, коомдук иштерге активдүү катышышат.

Кафедранын кызматкерлери эл аралык жана окуу жайлары аралык илимий-практикалык конференцияларда, семинарларда активдүүлүк менен катышышат. Ар жылы кафедранын мерчемине ылайык тегерек стол, конференция жана конкурстар өткөрүлүп турат. Андыктан:

2013-ж. май айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө арналган «Международный опыт и практика реализации парламентаризма в Кыргызской Республике» темасында илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

2014-ж. май айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан «Актуальные проблемы совершенствования избирательного законодательства» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

2015-ж. май айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан «Конституция Кыргызской Республики как правовая основа укрепления законности в деятельности ОВД» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

2015-ж.  декабрь айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан «Защита прав человека: современное состояние и перспективы развития в КР» темасында студенттик конференция өткөрүлдү.

2015-ж. декабрь айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан Жараандардын жана адамдардын жалпы укук декларациясына арналган «Права человека» темасында брейн-ринг өткөрүлдү.

2016-ж. февраль айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан «Актуальные проблемы современного международного права», темасында тегерек стол өткөрүлдү.

2016-ж. ноябрь айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан КР мамлекеттик эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына, Кыргыз АССРинин 90 жылдыгына жана Кыргыз ССРнын 80 жылдыгына карата «Кыргыз мамлекеттигинин орун алуусу: тажрыйбасы жана өнүгүшү» темасында конференция өткөрүлдү.

2017-ж. февраль айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан «Кыргыз Республикасынын саясий системасы: теория жана практика суроолору» темасында тегерек стол өткөрүлдү.

2017-ж. декабрь айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык укугу сабагынан «Биз КР Конституциясын кандай билебиз» темасында брейн-ринг өткөрүлдү.

2018-ж. февраль айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан «Правовая охрана права интелектуальной собственности в КР» темасында эл- аралык конференция өткөрдү.

2018-ж. февраль айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык укугу сабагынан «Биз КР Конституциясын кандай билебиз» темасында брейн-ринг өткөрдү.

2019-ж. декабрь айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан Адам укугу сабагынан «Укук баары үчүн жана ар бир адам үчүн» аттуу темасындагы брейн-ринг өткөрдү.

2021ж. май айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык укугу сабагынан «Чет өлкөлөрдүн Конституцияына саякат» темасында брейн-ринг өткөрдү.

2021-ж. ноябрь айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан Адам укугу күнүнө карата «КР адам укуктарынан актуалдуу көйгөйлөрү» атту эл аралык конференциясын  өткөрдү.

2022-ж. ноябрь айында Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасы тарабынан «КР конституциялык мыйзамдарынын  актуалдуу көйгөйлөрү» атту эл аралык конференциясын  өткөрдү.

КР Академиясынын Илимий-изилдөө жана редакциялык басып чыгаруу советинин талаптарына ылайык кафедрада курсанттар менен болгон илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт. Кафедранын окутуучуларынын жетекчилигинин алдында конференцияларга, тегерек столдорго, конкурстарга жана семинарларга катышуууга курсанттар даярдалып, алар грамота, диплом жана балуу белектер менен сыйланышат.

Мамлекеттик укуктук сабактар кафедрасынын өздүк курамы мындан ары да өздөрүнүн билим деңгээлин жогорулатуу менен бирге, Кыргыз Республикасынын ийгиликтуу өлкөгө айландыруу үчүн зарыл болгон реформаларды өткөрүүгө өз салымдарын кошо бермекчи.

Кафедранын негизинде «Адилет» илимий кружогу ишин алып барат. Ал кружокко курсантар жана студенттер катышып, алар кызыккан ар кандай темалардан докладтарды жазышат.

Кафедранын окутуучулары Академиянын студенттери жана курсанттары менен дайыма тарбиялоо мүнөзүндөгү сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт.

Кафедранын электрондук почтасы kafedra_gospd@mail.ru Тел номери 63-21-83