ЫИИ

Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүк кафедрасы 1991-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкектеги жогорку окуу жайы ачылганда түзүлгөн.

Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүк кафедрасы уюштуруучулук иштерин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын окуу иштеринин Жобосунун жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин окутуу, кайрадан окутуу жана квалификациясын жогорулатууга тийиштүү мыйзамдарынын актыларынын негизинде жүргүзөт.

Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүк кафедрасы түзүлгөндөн бери кафедраны төмөнкү кызматкерлер жетектеген: милициянын полковниги Т.К. Кушбеков, милициянын полковниги Р.С. Бобушев, ю.и.д., профессор, милициянын полковниги К.Дж. Кыдырбаев, милициянын полковниги К.А. Абдиев, милициянын полковниги А.С. Сатувалдиев, ю.и.д., доцент, милициянын полковниги А.С. Базарбаев, ю.и.к., милициянын полковниги А.Ж. Жамшитов.

Азыркы учурда ыкчам-иликтөө ишмердүүлүк кафедрасын милициянын полковниги Абдырасаков Дыйканбай Советбекович жетектейт.

Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүк кафедрасында убагында МККнын генерал-лейтенанты Асанкулов Жумабек Асанкулович (1991 ж. 1992 ж) жана милициянын генерал-майору Джээналиев Токтожума Джээналиевич (1999 ж. 2004 ж) иштешкен.

Ыкчам-иликтөө кафедрасында төмөнкү сабактар бар:

  • Жашырундуулук эрежелери;
    • ИИОнун ЫИИ (Жалпы жана өзгөчө бөлүгү);
    • Кээ бир кылмыштардын бетин ачууну уюштуруу жана анын амалдары;
    • Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн негиздери (дистанттык-сырттан окутуу факультетинде);
    • Экстремизм жана мыйзамсыз баңги заттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүүнү уюштуруу жана анын амалдары;
    • ИИОнун ЫИИ уюштуруу;
    • Адамдарды соодалоого каршы иш аракеттер;
  • Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн негиздери (КЖК угуучуларына, адъюнктарга).
  • Ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн негиздери (күндүзгү окуу факультетинин студенттерине);
  • Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы жана ыкмасы (1-курстун  магистранттарына (күндүзгү жана дистанттык-сырттан окутуу).