Акы төлөнүүчү негиздеги күндүзгү окуу факультети

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын (мындан ары – Академия) ишмердигинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2010-жылдын 1-июнундагы № 446 буйругунун негизинде Академияда контракттык негиздеги күндүзгү окуу факультети түзүлгөн (2014-жылдын сентябрындагы болуп өткөн түзүмдүк өзгөрүүлөргө байланыштуу факультет № 3 факультет (бюджеттик эмес окутуу)  болуп кайрадан аталган).    2021-жылы Академиянын штаттык түзүмүн кайра уюштурууга байланыштуу бюджеттик жана бюджеттик эмес факультеттер бириктирилген.  

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 16-августундагы № 579 буйругунун негизинде түзүмдүк өзгөртүүлөргө байланыштуу жана Академиянын ишмердигин оптималдаштыруунун алкагында акы төлөнүүчү негизде күндүзгү окутуу факультети өзүнчө түзүмгө айланды.  

Факультет Академиянын түзүмдүк бөлүгү болуп саналат, ал жогорку юридикалык билими бар адистерди күндүзгү окутуу формасында, студенттердин окууга кеткен чыгымдарын толук кайтарып берүү менен даярдайт. 

Академиянын акы төлөнүүчү негиздеги күндүзгү окуу факультети түзүлгөндөн тартып, азыркы учурга чейин жогорку юридикалык билими бар 500дөн ашык адистерди чыгарды, алар учурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасында жана башка мамлекеттик органдарында ар кандай кызматтарда иштеп жатышат.  

Факультетти ар кайсы мезгилде төмөнкү жетекчилер жетектеген:

– милициянын полковниги Асаналиева Альбина Асановна – 2010-2019-жылдары;

– милициянын подполковниги Джамангулов Бактыбек Асылбекович – 2020-2021-жылдары;

– милициянын полковниги Жумашев Шайбек Турсункулович – 2021-2022-жылдары; –  2022-жылдан тартып  факультетти милициянын подполковниги Ниязбекова Бермет Омокановна жетектеп келүүдө