Квалификацияны жогорулатуу борбору

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2021-жылдын 17-августундагы № 522 буйругу менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын № 5 факультети оптималдаштыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин квалификацияны жогорулатуу борбору болуп (Мындан ары – Борбор) кайрадан түзүлгөн.

Алгач №5 факультет (баштапкы даярдык, кайрадан даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча) Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 13-августундагы №805 буйругу менен түзүлгөн.

Квалификацияны жогорулатуу борбору Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын түзүмдүк бөлүгү болуп саналат.

        Центр участвует в реализации профессиональных образовательных программ и обучает по направлению кадровых служб правоохранительных органов по согласованию   с ГУК МВД Кыргызской Республики, по следующим категориям:

Борбор кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууга катышат жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин КББ менен макулдугуна ылайык укук коргоо органдарынын кадр кызматтарынын багыттары боюнча төмөнкү категориялар боюнча окутат:

– укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу;

– укук коргоо органдарына кызматка биринчи жолу кирип жаткан адамдарды баштапкы атайын кесиптик даярдоо;

– укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кайра даярдоо;

– жогору турган кызмат орундарына жылыштырууда адамдарды кайра даярдоо;

– башка кызматка жылыштырууда укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кайра даярдоо;

– укук коргоо органдарына биринчи жолу кабыл алынып жаткан адамдарды кайра даярдоо;

         Борбордун ишинин негизги багыттарына төмөнкүлөр кирет:

– укук коргоо органдарынын адистерге болгон муктаждыктарын канааттандыруу;

– азыркы шарттарда укук коргоо органдарынын ишине коюлган талаптардын деңгээлинде кесиптик сабаттуу кызматкерлерди даярдоо;

– укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өздөрүнүн кызматтык милдеттерин ийгиликтүү аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик билимдерге, жөндөмдөргө жана көндүмдөргө ээ болуусу үчүн шарттарды түзүү;

– жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, укук тартибин жана коомдук коопсуздукту коргоого жөндөмдүү угуучуларды укуктук, адеп-ахлактык жана физикалык жактан тарбиялоо, алардын моралдык жана кесиптик сапаттарын калыптандыруу;

– укук коргоо органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү актуалдуу маселелери боюнча илимий изилдөөлөргө катышуу;

– кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу жолу менен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кесиптик билимдерин натыйжалуу тереңдетүүнү жана жаңылоону камсыз  кылуу.

Борбордун түзүмү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан аныкталат.

Учурда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын Квалификацияны жогорулатуу борборунун начальниги болуп милициянын полковниги Таштан уулу Нурлан (иштер органдарында 1996-жылдан бери эмгектенет) эсептелет. Аталган бөлүмдүн начальниги болуп дайындалганга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин башкы башкармалыктарында ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Квалификацияны жогорулатуу борборунун ар бир кызматкери ар кандай бөлүмдөрдө жана кызматтарда өтөгөн практикалык иштердин чоң тажрыйбасына ээ. Борбор (мурдагы факультет) иштеп турган мезгилде Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына биринчи жолу кирген адамдарды баштапкы атайын кесиптик даярдоо, ички иштер органдарынын ар кандай кызматтарынын көптөгөн жетекчи кадрлары жана кызматкерлери үчүн кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча курстар уюштурулган.