СМИ Академия

Бөлүмчөнүн начальниги Алгочонова Г. З.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын тарбия бөлүмү 1992-жылы түзүлгөн.

Бөлүмдү жетектеген жетекчилер:

– Айтназаров Азирет Айтназарович – 1992-1995 жж.;

– Бакасов Султан Бакасович – 1995-1999 жж.;

– Зарипов Асаналы Зарипович – 1999-2001 жж.;

– Аванов Болотбек Аванович – 2002-2004 жж.;

– Байгазиев Омурбек Омурович – 2004-2007 жж.;

– Турдубаев Абдыразак Абдувасиевич – 2007-2013 жж.;

– Батыркулов Урмат Бабанович – 2013-2015 жж.;

– Кадыркулов Афтандил Камчибекович – 2017-2021 жж.,

– Арзаматов Азамат Арзаматович – 2021 ж. (январь-июнь).

2021-жылдын июнь айынын тартып бөлүмдү милициянын полковниги Алгочонова Гулайым Зарлыковна жетектеп келет.

Түзүмдүк өзгөрүүлөргө жана Академиянын ишмердүүлүгүн оптималдаштырууга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 16-августундагы № 579 буйругунун негизинде Уюштуруу-социалдык жана тарбия иштери боюнча бөлүмчөсү болуп бекитилген.

Кыгыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 2022-жылдын 23-августунун №21 ө/к буйругунун негизинде бөлүмчөнүн штаттык бирдиги бекитилген.

Бөлүмчө өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ченемдик укуктук актыларынын, Академиянын комплекстүү планынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйруктарынын, көрсөтмөлөрүнүн, Академиянын начальнигинин буйруктарынын, буюрмаларынын жана бөлүмчөнүн бекитилген иш-мерчеминин негизинде иш алып барат.

Бөлүмчөнүн негизги милдеттери – жарандык ишмердикти, жогорку кесиптик жана адеп-ахлактык сапаттарды түзүү, патриоттуулукка, жарандык активдүүлүккө, сабырдуулукка, моралдык нормаларды сактоого, сылыктыкка, коомдук жүрүм-турум эрежелерин сактоого  багытталган иш-чараларды жүргүзөт.

Академияда социалдык иш төмөнкү тармактарда жүргүзүлүөт:

– патриоттук билим берүү;

– тартипти жана мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө боюнча иш;

– адеп-ахлактык жана этикалык билим берүү;

– рухий билим берүү;

– жаш муун менен иштөө;

Бөлүмчө Академиянын факультеттери жана коомдук уюмдары менен тыгыз кызматташуу менен көйгөйлөрдү чечет.

Билим берүү таасирине ээ болуу, изилдөөлөргө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүккө болгон кызыгууну стимулдаштыруу максатында Академия жыл сайын курстардын арасында “Эң мыкты курсант”, “Эң мыкты студент”,  “Эң мыкты кенже командир”,  жана кызматкерлер арасында “Кесиби боюнча мыктыл” аттуу салттуу конкурстарды уюштурууда жана өткөрүүдө.

Социалдык-саясий билим берүү жагынан салттуу-улуттук жана календардык майрамдар белгиленет, мисалы, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү, ант берүү, Кыргыз милициясынын күнү, Нооруз майрамы белгиленет.

Бардык иш-чаралар маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жогорку деңгээлде уюштуруу менен жүргүзүлүөт.

Тарбия  ишин жакшыртуу үчүн, жардамчы интституттар и алып барат. Алар:

•Ардагерлер Кеңеши;

• Этика комиссиясы;

• Офицерлердин абийир соттору;

• Курсанттык абийир соту;

Эстетикалык билим берүү маселелерине олуттуу көңүл бурулат. Курсанттар жана студенттерди театр, кино жана концерттерге алып баруу уюштурулуп турат. Биринчи жана экинчи курстардын курсанттары мезгил-мезгили менен музейлерге, театрларга, кооз өнөр көргөзмөлөрүнө барат.

Патриотизм рухунда тарбиялоонун айкын мисалдарынын бири — Краснореченск балдар үйүнүн, Беловодск балдар үйүнүн,  Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн тургундарына материалдык жана моралдык жардам көрсөтүүгө жетекчиликтин жана өздүк курамдын түздөн-түз катышуусу.