Күндүзгү окуу факультети

Это изображение имеет пустой атрибут alt; его имя файла - fak2.jpg
Факультеттин начальниги Жумашев Ш.Т.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 15-январындагы № 3  «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Бишкек жогорку окуу мектебин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясына ѳзгѳртүү жѳнүндѳ» Жарлыгына ылайык,Кыргыз    Республикасынын     Ѳкмөтүнүн  2000-жылдын  8-майындагы  № 256 «Кыргыз  Республикасынын  Ички  иштер  министрлигинин  милициянын  генерал-майору Э.Алиев  атындагы Академиясынын  Жобосун бекитүү жѳнүндѳ» Токтомун аткаруу иретинде,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2000-жылдын 25-июлундагы № 266 буйругунун негизинде юридикалык билими боюнча адистерди даярдоо үчүн күндүзгү окуу факультетинин Жобосу бекитилген. 2021-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын штаттык түзүмүн кайра уюштурууга байланыштуу бюджеттик негизде жана бюджеттен тышкары негизде факультеттер бириктирилди.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 2021-жылдын 17-августундагы № 522 буйругунун негизинде Күндүзгү билим берүү факультетинин 23 штаттык кызмат орундар дайындалган. 2022-жылы август айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын штаттардын кыскарып жана кайра түзүлгѳндүгүнѳ байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 2022-жылдын 16-августундагы №579 буйругунун негизинде «Күндүзгү билим берүү факультети», «Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетине» ѳзгѳртүлгѳн.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 16-августундагы № 579 буйругунун негизинде түзүмдүк өзгөртүүлөргө байланыштуу жана Академиянын ишмердигин оптималдаштыруунун алкагында бюджеттик негизде күндүзгү окутуу факультети өзүнчө түзүмгө айланды.

Белгиленген билим берүү стантардаттына ылайык курсанттар үчүн бюджеттик негизде бакалавр даражасын жана орто жана орто атайын билимдин базасында жана укук коргоо органдарына жана башка тармактарына юридикалык билими бар адистерди түздѳн-түз даярдоонуу иш жүзүнѳ ашырат.

Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин ишмердүүлүгүн негизги максаты: Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана башка укук коргоо органдарынын муктаждыктарын канааттандыруу, кесиптик кометентүүлүк менен жогорку моралдык сапаттарды айкалыштырган жана жеке адамдын таламдарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин, укуктарды коргоого байланышкан маселелерди чечүүгѳ жѳндѳмдүү болгон жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо.

Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультети «Укук коргоо ишмердүүлүгү» укук коргоо тармагында жогорку билим берүүнүн кесиптик билим берүү программасын ишке ашырат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясын окуп бүткѳндѳн кийин, факультеттин бүтүрүүчүлѳрүнѳ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде «милициянын лейтенанты» наамы ыйгарылат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультети түзүлгѳн учурдан тартып бүгүнкү убакытка юридикалык билимдүү адистерди даярдап чыгарды, алар бүгүнкү күндѳ Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын системасында, башка укук коргоо органдарында жана башка ѳлкѳлѳрдѳ иштеп жатышат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин кээ бир бүтүрүүчүлѳрү жооптуу жана жетекчилик кызматтарды ээлейт.

Факультет түзүлгѳндѳн тартып жетекчилик кылышкан:

– милициянын полковниги Исаева Клара Асангазиевна – 2000– 2001ж.ж.

милициянын полковниги Ниязов Нату Ниязович – 2001 – 2005ж.ж.

-милициянын полковниги Алыбаев Меслим Бейшенович – 2005 – 2010ж.ж.

-милициянын полковниги Исмаилов Данияр Раимжанович – 2010 – 2013ж.ж.

– 2014-жылдан тартып азыркы убакытка чейин Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетин начальниги, милициянын полковниги Жумашев Шайбек Турсункулович жетектейт.