Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультети

факультеттин начальниги Давлетов А.Т.

Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура  факультети) Кыргыз Республикасынын ИИМнин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын түзүмдүк бөлүгү болуп эсептелет. 

         Факультеттин иш аракети Академиянын ишмердүүлүгү менен биргеликте жогорку жана экинчи жогорку билимдүү адистерди даярдоо боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык, жогорку кесиптик билим берүүнүн негиздерин ишке ашырууга багытталган.

         – сырттан окутуу формасы “бакалавр” академиялык степенин ыйгаруу  боюнча «Юриспруденция 530500» багыты боюнча 2,5, 3,5 жана 5 жыл мөөнөтү менен негизги билим берүүнүн жогорку кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди жана окуу процессин уюштурат; 

         – сырттан окутуу формасы “магистр” академиялык степенин ыйгаруу  боюнча «Юриспруденция 530500» багыты боюнча 2, 2,5 жыл мөөнөтү менен негизги билим берүүнүн жогорку кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди жана окуу процессин уюштурат.

        Факультетти башчы жетекчилик кылат, ал Академиянын башчысынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен кызматка дайындалат жана бошотулат.

Электрондук дарек:  f1zaochka @ mail.ru