Аскердик жана тактикалык-атайын

кафедранын начальниги Аблаев А.Б.

1969-жылы СССР  Ички иштер министрлигинин  Фрунзедеги милициянын атайын орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин практикалык кызматкерлеринин ичинен күжүрмөн физикалык, аскердик жана атайын тактикага даярдык цикли чогултулган.

1991-жылы күжүрмөн, физикалык, аскердик жана атайын-тактикага даярдык  цикли аскердик даярдык кафедрасы, мобилизациялык жана атайын тактикага даярдык кафедрасы, ошондой эле күжүрмөн дене тарбия кафедрасы сыяктуу кафедраларга бөлүнгөн.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын аскердик жана атайын тактикага  даярдык кафедрасы  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин 2010-жылдын 24-февралындагы №141 буйругу менен Аскердик даярдык, мобилизациялык жана тактикага даярдык кафедраларынын биригүүсүнүн негисинде түзүлгөн.

Кафедраны башкаргандар: милициянын полковниги Позолотин Николай Александрович, милициянын полковниги Бухов Владимир Яковлевич, милициянын полковниги Тукаев Рысбек Кудайбергенович, Жапаров Туратбек Калыялиевич, милициянын полковниги Байгазиев Өмүрбек Өмүрович, милициянын полковниги Кунасов Иса Шейренович, милициянын полковниги Тезеков Кубанычбек Шайдылдаевич, милициянын полковниги Ташкараев Усуп Кочконбаевич, милициянын полковниги Исмаилов Аскарбек Кожомбекович.

Кафедранын максаты Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын келечектеги кызматкерлерин, ички иштер органдарына квалификациялык кадрларды даярдоо болуп саналат. Ок  атууга даярдык, атайын тактикалык  даярдык боюнча  өркүндөтүү.  Ар кандай кризистик кырдаалдарды жоюуда күчтөрдү жана каражаттарды башкаруу.

Билими, жогорку юридикалык – Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин   милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясы (2002), 1995-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер кызматкери. 1997-жылдан  ички иштер органдарында, кызмат өтөп келүүдө.

Бир нече жолу, кичи калибрлүү мылтыктан атуу боюнча  ИИМдин чемпиону. Тажрыйбалуу жетекчи жана адис.

Кафедранын негизги милдеттери:

– өзгөчө шарттарда ички иштер органдарына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо;

-курсанттарга, угуучуларга жана студенттерге курал менен иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу, аларды ыкчам жана кызматтык иштин ар кандай кырдаалдарында колдонуу;

– атайын операцияларды жүргүзүүдө бөлүмдөрдү башкаруу көндүмдөрүн үйрөтүү;

– массалык баш аламандыктарды болтурбоо, бөгөт коюу жана жоюу боюнча атайын операцияларды жүргүзүүдө курсанттарды жана угуучуларды атайын каражаттарды туура колдонууга үйрөтүү;

– зарыл моралдык-психологиялык сапаттарды жана кызматтык милдеттерин аткарууда, мыйзамды жана тартипти сактоодо жеке жоопкерчиликти тарбиялоо.

Аскердик жана тактикалык-атайын даярдоо кафедрасынын окутуучулары Академиянын туруктуу курамы, курсанттар, күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрүнүн студенттери жана контракттык негизде күндүзгү окуу факультетинин студенттери менен сабактарды өткөрүшөт. Ички иштер органдарынын кызматкерлерине Академиянын базасындагы квалификацияны жогорулатуу курстарында, спорттук өркүндөтүү тобунда кызматтык куралдан спорттук атуу менен тартылган курсанттар, ошондой эле илимий ийримдин ишине катышуучу курсанттар жана студенттер менен биргеликте өткөрүшөт.

Кафедра төмөнкү дисциплиналар боюнча сабактарды өткөрөт:

– азыркы шарттарда аскердик мобилизация жана атайын даярдык;

– аскерге даярдык;

– саптык даярдык;

– ок атууга даярдоо;

– атайын-тактикага даярдоо;

– жалпы аскердик уставдар жана ички иштер органдарынын уставдары;

– Жарандык коргонуу.

Окуу-методикалык база.

Кафедра негизделгенден бери окутуучулар ички иштер органдарынын кызматкерлеринин кесиптик даярдыгынын заманбап талаптарын эске алуу менен окуу-методикалык каражаттарды иштеп чыгууда, ведомстволор аралык конференцияларды, атайын-тактикалык даярдыктар боюнча тегерек столдорду өткөрүүдө, курсанттарды жана ички иштер органдарынын кызматкерлерин ок атуучу куралдарынан ок атуу ыкмаларына үйрөтүү, кризистик кырдаалдардын келип чыгышынын себептерин жана шарттарын аныктоо, ошондой эле аларды чечүү.

Кызматташуу

Окуу жана илимий-изилдөө иштерин практиканын заманбап талаптарын эске алуу менен уюштуруу максатында кафедранын өздүк курамы эл аралык тактикалык машыгууларга, ошондой эле республикалык масштабдагы башка иш-чараларга катышат.  Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматы, Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин аскер кызматкерлери, ошондой эле ИИМдин атайын багыттагы полктун кызматкерлери менен тажырыйба алмашуу иштери жүргүзүлөт.

Кызматташтыктын максаты  болуп атайын операцияларды жүргүзүүдө өздүк курамдын куралды жана атайын каражаттарды колдонуу практикасы жөнүндө маалыматтарды тажырыйба алмашуу жана талдоо болуп саналат.   Кафедранын окутуучулары тарабынан Кыргыз Республикасынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үчүн ок атуу  даярдыгынын теориясы жана методикасы, атайын  тактикалык даярдык боюнча окуу куралдары даярдалган.

Ок атуучу куралдардан практикалык атуу көнүгүүлөрүн калыптандыруу үчүн Академиянын ок атуучу ТИРинде аскердик жана атайын тактикалык даярдык кафедрасынын сабактары өткөрүлөт.

Ок атуу ТИРинде  «Ок атууга даярдык» жана «Атайын тактикага даярдык» сабактары боюнча ар кандай көрсөтмө иретинде куралдар (плакаттар) жана электрондук ТИР орнотулган.

Ок атуучу куралдардан жана атайын каражаттардын тактикалык техникалык  мүнөздөмөлөрүн курсанттардын окуу топторуна ок атуучу куралдарды чачуу жана аны чогултуу ыкмаларын,  ошондой эле нормативдик көнүгүүлөр үйрөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында белгиленген куралдар, атайын каражаттарды колдонуунун эрежелери боюнча практикалык сабактар өткөрүлөт, андан тышкары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички аскерлерине караштуу ок атуу талаасында ок атуучу куралдан практикалык ок атууларды ИИМдин Академиясынын туруктуу жана өзгөрүлмө курамдары менен окуу планынын негизинде ​​өткөрүлөт. Кафедрага таандык атайын класста теориялык жана практикалык сабактар ​​ өткөрүлөт ошондой эле  сабак окуу үчүн слайд, плакаттар, стенддер жана макеттер орнотулган.