ФЧКБ

ФЧКБнын начальниги Райкеев Н. М.

Финансы-чарбалык камсыздоо башкармалыгы ИИМдин 2008-жылдын 15-ноябрында №1074      буйругу менен түзүлгөн. Финансы-чарбалык кымсыздоо башкармалыгы (мындан ары – ФЧКБ) Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын түзүмдүк бөлүгү болуп эсептелет жана Академиянын начальнигине түздөн-түз баш ийет.

Аталган бөлүмдүн биринчи жетекчилери болуп Иманалиева Ф.О., Полотов И., Гапоненко И.А., Леонов В.И., Султангазиев Б., Саралаев А.Ж., Касымов Н.Т. 2017-жылдан бери башкармалыкты милициянын полковниги Райкеев Нурбек Мырзабекович жетектейт.

Финансы жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн негизги милдеттери:

  • пландаштыруу, бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук, финансылык контролдоо жана башка финансылык-чарбалык ишмердүүлүккө тиешелүү маселелер;
  • Академиянын тиешелүү кызматтары менен бирдикте акчалай, материалдык жана эмгек ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун ар тараптан жогорулатууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  • Республикалык бюджеттин, банктын,  жогору турган уюмдардын алдындагы финансылык милдеттенмелерди финансылык сметадан келип чыккан акчалай акыны (эмгек акыны) төлөө ж.б. милдеттер боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо;

             Каржылоо жана бухгалтердик эсеп бөлүмүнүн негизги функциялары:

  • катардагы жана жетектөөчү курамга акчалай камсыздоону, жумушчулар менен кызматчылардын эмгек акысын, курсанттардын стипендиясын өз убагында; эсептөө жана төлөө
  • Республикалык бюджет жана атайын каражаттар боюнча чыгымдардын сметасын иштеп чыгуу жана Академиянын жетекчилигине бекитүүгө берүү;
  • бухгалтердик эсептин туура уюштурулушун камсыз кылуу;
  • каржы бөлүмүнүн кызматкерлери акча каражаттарын, материалдык баалуулуктардын жана башка баланста тургандардын эсебин инвентаризациядан өткөрүүгө, инвентаризациянын натыйжаларын өз убагында жана туура аныктоого жана анын эсепте берилишине катыштыруу;
  • материалдык жооптуу адамдарга алардын жооптуу сактоосунда турган баалуулуктарды эсепке алуу жана сактоо маселелери боюнча нускама берүү;
  • бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту белгиленген мөөнөттө түзүү жана берүү;
  • Академиянын бюджеттен тышкаркы бөлүмдөрүнүн штаттарын иштеп чыгууга катышуу, Кадрлар бөлүмү менен бирдикте алардын туура колдонулушун контролдоо;
  • Академияда экономикалык иштерин уюштуруу жана координациялоо, Академиянын тиешелүү кызматтары менен бирдикте акча каражаттарын, материалдык жана эмгек ресурстарын пайдалануунун натыйжалуулугун ар тараптан жогорулатууга багытталган чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
  • акча каражаттарын, так отчеттуулук бланктарын, бухгалтердик архивди сактоону, эсепке алууну жана акчалай аттестаттарды ошондой эле ар кандай бөлүмдүн компетенциясына кирген маалым каттарды өздүк курамга берүүнү жүзөгө ашыруу.

Чарбалык жана коммуналдык камсыздоо бөлүмүнүн негизги милдеттери:

  • өзгөрүлмө жана туруктуу курамды материалдар, азык-түлүк, кийим-кече, арт-техникалык курал-жарак, КММ, байланыш каражаттары, оргтехника, медициналык жабдуулар жана инструменттер, автоунаа, инвентарь менен өз убагында камсыз кылуу. Бюджеттик негизде күндүзгү окутуу факультетинин, Академиянын бөлүмдөрүнүн жана кызматтарынын тамак-ашын штаттарга, жарактуулуктун табелдерине жана жабдуу ченемдерине ылайык белгиленген тартипте уюштуруу;
  • Академиянын аймагында жана анын чегинен тышкары жайгашкан имараттарды, жайларды, мүлктөрдү жана жабдууларды санитардык жана өрт коопсуздугунун эрежелерине жана ченемдерине ылайык талаптагыдай абалда кармоо;
  • материалдык баалуулуктарды жана финансылык каражаттарды эсепке алууну, сактоону жана чыгыштоону контролдоо.

Чарбалык жана коммуналдык камсыздоо бөлүмүнүн функциялары:

  • Академиянын бардык бөлүктөрүнүн чарбалык ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун келечектеги жана учурдагы пландарын иштеп чыгуу жана аткарууну уюштуруу;
  • материалдык-техникалык каражаттардын тууралыгынын табелдерин иштеп чыгууну камсыз кылуу, окуу процессин, илимий изилдөөлөрдү жана административдик-чарбалык ишти табелдик жана материалдык-техникалык каражаттар менен, телефондук байланыш, инвентарь, курал-жарак, кеңсе буюмдары менен өз убагында жана толук жабдууну уюштуруу;
  • Академиянын катардагы жана жетектөөчү курамынын кийим-кече үлүшүн, кызматкерлердин коомдук тамактануусун жана медициналык тейлөөсүн уюштуруу;
  • окуу, кызматтык, турак жай, көмөкчү имаратттардын, окуу мекемесинин аймагына тиешелүү болгон короо-жайлардын санитардык-гигиеналык абалы, өрткө каршы коргонуу бөлүгүндө тартипти камсыздоо;

мүлктөрдүн, техникалардын, жабдуулардын абалына жана финансылык каражаттардын сакталышын,  материалдардын, энергоресурстардын үнөмдүү чыгышталышын эсепке алууну жана контролдоону, инвентаризациялоону жана текшерүүлөрдү өз убагында жана сапаттуу өткөрүүнү камысздоону уюштуруу.