Тил кафедрасы

кафедранын начальниги Шукуров К. Б.

Тилге даярдык кафедрасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому жана Ички иштер министрлигинин буйругу менен 1992-жылдын 15-ноябрында түптөлгөн

Кафедранын негизги ишмердүүлүгү төмөнкү Мыйзамдарды ишке ашырууга багытталган:

– Кыргыз Республикасынын 1989-жылдын 23-сентябрындагы № 2219-XI “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 29-майындагы №52 “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги №54 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамы.  

Кафедра  өзүнүн ишмердүүлүгүндө КР ИИМдин Академиясынын жана кафедранын жобосун жетекчиликке алат.

Тил сабактары Бишкек жогорку мектеби түптөлгөн учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 15-ноябрындагы токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйругу менен ЖОЖго бериле баштаган. 2010-жылы жүргүзүлгөн реформаларга ылайык Чет тилдер кафедрасы жана Кыргыз тил кафедрасы бириктирилип, Тилге даярдык кафедрасы болуп түзүлгөн. 

Кафедранын максаты – адистерди жогорку сапатта тилге даярдоого жетишүү, укук коргоо ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүндө тилдерге болгон талапты канааттандыруу.  

Милдеттери:

  • кыргыз, орус жана чет тилдерине даярдоодо сапаттуу, заманбап билим берүү;
  • окутулган тилдерде угуучулардын баарлаша билүү жөндөмдөрүн калыптандыруу (коммуникативдик компетенция);

Курсанттарды жана угуучуларды документтердин бардык түрлөрүн туура жана сабаттуу толтурууга үйрөтүү.

Тилге даярдык кафедрасын төмөнкү кызматкерлер жетектешкен:

– 1992-жылдан тартып 1997-жылга чейин – филология илимдеринин кандитаты, доцент  К.Садыков;

– 1997-жылдан тартып 2000-жылга чейин – филология илимдеринин доктору милициянын полковниги К.Токтоналиев;

– 2000-жылдан тартып 2005-жылга чейин – милициянын полковниги Д. Акматов

– 2005-жылдан тартып 2008-жылга чейин – филология илимдеринин доктору милициянын полковниги К.Токтоналиев;

– 2008-жылдан тартып 2011-жылга чейин – филология илимдеринин кандитаты,  милициянын полковниги Ч.Кадырова;

– 2011-жылдан тартып 2014-жылга чейин – филилогия илимдеринин кандидаты, милициянын полковниги Ж.Секебаева;

– 2014-жылдан тартып 2018-жылга чейин  – филология илимдеринин кандитаты, милициянын полковниги Ч.Кадырова;

– 2018-жылдан тартып  2021-жылга чейин – филилогия илимдеринин кандидаты, доцент  милициянын полковниги Ж.Секебаева.

-2022-жылдан тартып милициянын майору К. Шүкүров

Тилге даярдык кафедрасында төмөнкү предметтер окутулат:

  • Кыргыз тили жана адабияты;
  • Орус тили;
  • Англис тили;
  • Немец тили;
  • Иш кагаздарынын негиздери (мамлекеттик жана расмий тилде);
  • Манас таануу   (мамлекеттик  тилде);
  • Чечендик өнөр (риторика);

Кафедранын кызматкерлери төмөнкүдөй илимий темалар боюнча кандидаттык диссертациялардын үстүндө иш алып барып, илимий материалдарды топтоштурууда:

Кафедранын начальниги  К.Б. Шүкүров –Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Тема: «Реализм концепциясы адабий сында 1970-1990-жж.»;

Кафедранын доценти Ж.Н. Койчуманова – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Тема: «ИИОнун жогорку окуу жайларында курсанттарды кесиптик жактан даярдоонун педагогикалык негиздери жана инновациялык жолдору»;

Кафедранын улук окутуучусу А.Р. Киргизбаева – Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети. Тема: «Кыргыз Республикасындагы ички иштер органдарынын окуу жайларында кызматкерлерди даярдоонун тарыхы жана педагогикалык аспектилери»;

Кафедранын окутуучусу А.Б. Уркумбаева – КРдин Улуттук илимдер академиясы. Тема: «Манас» эпосунун жазма вариаттарын жаратуу принциптери, салттуу өзөктүк  окуялардагы идея жана идеологиянын сакталышы».

Кафедра тарабынан иштелип чыккан окуу китептери жана

окуу-методикалык колдонмолор

Ч.А. Кадырова. «Күч түзүмдөрүндө иш кагаздарын жүргүзүү». Методикалык колдонмо – Б. 2014-ж.

Ж.К. Секебаева. «Начинаем изучать русский язык». Окуу китеби. – Б. 2014-ж.

Кафедранын кызматкерлеринин окуу планы боюнча жыл сайын методикалык колдонмолор иштелип чыгат.

Окутуучулар тарабынан жарыяланган илимий макалалар

(темасы, качан жана кайсыл жактан жарыяланган, кайсыл басылмада)

Ж.Н Койчуманова. Тема: «Возникновение эпоса: роль сказителя манасчи». К.Карасаев атындагы БГУнун “Вестник” журналы;

Ж.Н Койчуманова. Тема: «Физическое воспитание как фактор профессионального развития сотрудника внутренних дел». Дене тарбия жана спорт академиясынын “Вестник” журналы;

А.Р.  Киргизбаева. Тема: «Физическое воспитание как фактор профессионального развития сотрудника внутренних дел». Дене тарбия жана спорт академиясынын “Вестник” журналы;

К.Б. Шүкүров. Тема: “Сөздүн күчү”.  “Кыргыз туусу” газетасы.

Илимий иш-сапарлар, такшалмалар

(республиканын чегинде, чегинен сырткары  – тематика, күнү, өтүү орду):

Жылдык планга ылайык кафедранын начальниги милициянын майору

К.Б. Шүкүров конок лекцияларды өтүп келет:

  • КР ИИМдин Борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн;
  • Бишкек шаарынын Биринчи май, Свердлов, Октябрь, Ленин РИИБдин кызматкерлери үчүн;
  • Чүй ОИИБдин кызматкерлери үчүн;
  • КР ИИМдин милициянын генерал-майору Ж. Шабиров атындагы РОБдун кызматкерлери үчүн.

        Россия Федереациясынын Орус кызматташтыгы менен кызматташат. Ошондой эле кафедрага КР ИИМдин Академиясынын жана тилге даярдык кафедрасынын күчү менен уюштурулган  2 борбор – Мамлекеттик тил борбору жана Орус тили борбору бекитилген. Борбор КР ИИМдин Академиясынын угуучуларына, курсанттарына, студенттерина, ошондой эле окутуучуларына жана кызматкерлерине кыргыз, орус жана англис тилдерин үрөтүүдө толук кандуу шарт түзүү максатында түзүлгөн.  

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы квалификациясын жогорулатуу максатында тиешелүү тастыктамаларга ээ болуу менен КР ИИМдин Академиясы тарабынан, ошондой эле ЖОЖдор арасында жана чет өлкөлөрдө өткөрүлгөн семинарларга, конференцияларга активдүү катышып келишет.

Алсак, окутуучулар мезгил-мезгили менен Индиядан ITEC курсуна катышып, теориялык жана практикалык билим деңгээлдерин жогорулатып келишет. Окутуучу А.Р. Сейдалиев 2011-жылы Индиянын Хайдарабад шаарына барып, англис тили боюнча «Англис тилин өркүндөтүү»  темасында үч айлык курстан өтүп келген. 

 Жаш окутуучулар өз кезегинде педагогикалык чеберчилик боюнча окуудан өтүшкөн жана тастыктамаларга ээ болушкан.

Чет тилдери боюнча илимий кружоктордун жобосунун негизинде кафедрада кружок уюштурулган: «Чет тили кружогу» (англис тили) курсанттар жана окутуучулар үчүн арналган.    

 КР ИИМдин коллегиясынын чечиминин, КР ИИМдин, ИИМдин Академиясынын  Комплекстүү пландарынын жана кафедранын иш-планынын негизинде  Мамлекетик тил күнүнө жана Эне тил күнүнө карата дайыма илимий-практикалык конференциялар, олимпиадалар, брейн-рингдер, викториналар,  тегерек столдор ж.б. иш-чаралар өткөрүлүп келет. Биздин кафедранын офицерлери зарылдыгына жараша коомдук тартипти камсыздоого түздөн-түз катышат.