УАУИжЭАКБ

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясынын уюштуруу-аналитикалык, укуктук иштер жана эл аралык кызматташуу бөлүмү  Академиянын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, уюштуруу- аналитикалык, укуктук иштерди  ошондой эле Академия менен чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн ортосундагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү иштерин жүргүзөт.

Бөлүмдүн калыптануу тарыхы Академиянын өнүгүү этаптары менен  тыгыз байланышкан.

2004-жылдын 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин № 279 “Уюштуруу-штаттык маселелер жөнүндө” буйругу менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 4 кызматкерден турган тышкы байланыштар жана эл аралык кызматташуу бөлүмү түзүлгөн.

Бөлүмдүн биринчи начальниги болуп милициянын полковниги Асаналиев Каравай Асаналиевич дайындалган.

Бөлүмдө Түркия Республикасынын полиция Академиясынын бүтүрүүчүлөрү тажрыйбалуу кызматкерлер: Омокеев У., Абдрахманов Н., Кенжекулов Т., Сулайманов А., Ажыгулов А. жана Эсенкулов Ш. эмгектенишкен.

Андан кийин бөлүмдү Бийбосунов А.К., Асаналиева А.А., Кызылаков Н.Б., Согаева Л.И. жана Төлөбаева Ж.К. жетектеп келишкен.

Азыркы учурда бөлүм уюштуруу-аналитикалык, укуктук иштер жана эл аралык кызматташуу боюнча үч негизги багытта иш алып барууда.

 Бөлүмдү юридика илимдеринин кандидаты милициянын полковниги Абдырахманов Кубанычбек Садыкович жетектеп келүүдө.

Бөлүмдүн аналитикалык ишмердиги, Академиянын долбоорлорун, иш-мерчемдерин, маалыматтык жана маалымат материалдарын иштеп чыгуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөөнү камтыйт.

Мындан тышкары укуктук экспертизаны жана Академиянын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан иштелип чыккан ченемдик-укуктук документтердин долбоорлорун иштеп чыгууну ишке ашырат жана сот органдарында Академиянын кызыкчылыктарын коргойт.

Эл аралык кызматташуу Академиянын эл аралык келишимдеринин, чет элдик өнөктөштөр менен кызматташуу программаларынын жана пландарынын долбоорлорун иштеп чыгуу бөлүгүндө эл аралык байланыштарды колдоо жана өнүктүрүүгө, Академиянын ичиндеги эл аралык жолугушууларды протоколдоштурууга, билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтыктын жүрүшүн жана натыйжаларын контролдоого негизделген.

Ошентип, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы Россия Федерациясынын, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан, Тажикстан республикаларынын Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайлары менен, ошондой эле Туркия жана Германиянын полиция окуу жайлары менен келишимдер түзүлгөн. 2009-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы КМШ мамлекеттеринин Ички иштер министрликтеринин жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын, 2011-жылы  Эл аралык полиция ассоциациясынын мүчөсү болуп кошулган.