КжМТК

кафедранын начальниги Эркинбаев У. Ш.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен 1994-жылы криминалистика атайын техникалар жана психология  кафедрасы түзүлгөн.

        Кыргыз Республикасынын ички иштер министирлигинин буйругу менен 2022-жылы август айында  билим берүү процессин оптималдаштырууга байланыштуу криминалистика атайын техникалар жана психология  кафедрасынын аталышы Криминалистика жана маалымат технологиялар кафедрасына өзгөртүлдү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиянын Криминалистика жана Маалымат технологиялар кафедрасы укук коргоо органдарына төмөнкү адистиктери боюнча даярдайт 532200 –«Укук коргоо ишмердүүлүгү» жана 521401– «Юриспруденция».

Кафедра төмөнкү окуу дисциплиналары боюнча окутушат: «Криминалистика», «Окуя болгон жерди кароону уюштуруу», «Соттук медицина жана психиатрия», «ИИОгу атайын техника» жана «Заманбап маалыматтык технологиялардын негиздери».

1994 ж.- 1996 ж. кафедранын начальниги,  милицииянын полковниги Пизаилов И.

1996ж.-1998ж. кафедранын начальниги, милициянын полковниги Конулькулов Э.Э. 1998-ж.- 2002 ж.  кафедранын начальниги ю.и.д., милициянын полковниги  Исаева К.А.

2002-ж.-2009ж. кафедранын начальниги ю.и.д,. милициянын полковниги Касымов Т.Д.

 2009-ж.-2011ж. кафедранын начальниги, милициянын полковниги  Кенешбек уулу Асан. 2011-ж. – 2014-ж.  милициянын полковниги Медербеков Айбек Ниязалиевич.

2014ж.- 2017-ж. милициянын полковниги  Писарев Д.А.

2018-жылдан азыркы убакытка чейин кафедранын начальниги ю.и.к., Эркинбаев Усөн Шаршенович. Кыргыз Республикасынын ИИОда1993ж. июнь айынан тартып иштеп келет. 2012-ж. илимий кандитатский диссертациясын жактаган. Тема: «Киши өлтүрүүнүн айрым түрлөрүн иликтөө үчүн укуктук жана криминалистикалык камсыздоо». 2017-ж. декабрь айынан тартып кафедранын начальниги. 7 илимий эмгектери, окуу-методикалык пособиялар жана монографиялардын автору. Жогорку окуу жайларындагы окутуучулук стажы 15 жылды түзөт. Кыргыз Республикасынын Окмөтү тарабынан   II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга салымын кошкондугу үчүн «Ардак грамотасы» менен жана ИИМдин бир нече  сыйлыктары менен сыйланган. Акыркы өткөн мезгилдерде кафедрада иштеп кеткендер: Еремеева И., Дунганаев Т., Сарчаев К., Джумаев Ш., Сопуев Ж., Алиева Н., ю.и.к., доцент Абакиров К., Цыганкова О., Ибраев Т., Кунакунов А., Ибраев Ч., Мырсаканова А., Плахутина О., ю.и.к. Аманов А.Т.

Кафедранын профессордук-окутуучу курамынын көпчүлүк бөлүгү тергөөдө жана криминалистикалык-эксперттик службаларда иштеп келген  тажрыйбалуу кызматкерлер.

Кафедранын профессордук-окутуучу курамы  криминалистиканын көйгөлөрү боюнча иштерин жүргүзүшөт жана  окуу-методикалык   колдонмолорду, лекцияларды курсанттарга,  студенттерге билим берүүгө даярдашат.

Кафедранын келечектүү багыттары: окутуунун сапатын жогорулатуу; милиция кызматкерлерин  тергөөдө жана эксперттик-криминалистикалык бөлүмдө иштегендерди алдыңкы окутуу; ИИОнын эксперттик-криминалистикалык бөлүмдөрү менен дайыма тыгыз байланышта болуу.

Учурда кафедранын инновациялык өнүгүүсүнүн негизги илимий багыттарынын бири: Жаңы маалыматтарды (санариптик) колдонуу менен кибер мейкиндикте жасалган кылмыштарды ачыкка чыгарууну жана тергөө ишин камсыз кылуу; Потенциалдуу маалымат коопсуздугунун потенциалдуу кибер коркунучун аныктоо;

Компьютердик маалымат жаатындагы кылмыштарды тергөөдө санарип далилдерди колдонуу көйгөйлөрү; Интернет мейкиндигине маалымат чогултуу жана мониторинг; AИС маалымат базалары менен иштөө негиздери (M-дата, ЕРН,ЕРП, AИПС,ДТП ж.б.)

Кафедранын профессордук-окутуучу курамы кесиптик кызматкерлерин  даярдоодо тарбиялык иштерин жүргүзүүдө чон көңүл бурат. Окуу процессин көзөмөлдөп жана курсанттардын практикум жазуусун жетектейт.

2004-жылы билим берүү жана илимий ишти туура деңгээлде өткөрүүнү камсыз кылуу үчүн кафедранын кызматкерлерине ЕККУнун колдоосу менен иштелип чыккан жана “Ички иштер министрлигинин Академиясынын криминалистикалык борбору түзүлгөн»  900 чарчы метр аянтта жайгашкан.

Бул борбор төмөнкү объекттерди камтыйт: окутуу аудиториясын, практикалык сабактарга окутуу: “Кафе”; “Айыл үйү”; “Жашоочу бөлмө”; “Убактылуу кармоочу жай”; курал музейи. Борбордо: ок атуучу куралдарды жана муздак курал-жарактардын жыйнагы, октор; стереоскопиялык микроскоптор; Сүрөт жана видео жабдыктар, окуя болгон жерди кароодо универсалдуу жана атайын криминалистикалык түрлүү модификацияланган комплектер ж.б. криминалистикалык жабдыктар жана коротулуучу материалдар. Сабактар ​​учурунда техникалык каражаттар жана интерактивдүү окутуу ыкмалары жигердүү колдонулат.

 Кафедрага караштуу криминалистикалык китепканада атайын билим берүү жана илимий адабияттар, криминалистика боюнча жана юридикалык психология боюнча окуу куралдар бар. Китепкана компьютер жабдыктары, Интернет, WiFi менен жабдылган.

Криминалистикалык борбордун негизинде, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин эксперт-криминалистикалык практикалык кызматкерлери бир нече жолу билимин жогорулатуу курстары чет мамлекеттердин адистеринин жана кафедранын окутуучулары тарабынан өткөрүлгөн .

Кафедранын профессордук-окутуучу курамы Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүно сыртка чыгуу сабактарын системалдуу уюштуруп турушат.  

Кафедранын профессордук-окутуучулары илимий жазылган  диссертацияларды рецензиялоого катышат, усулдук жана окуу куралдарын карап чыгышат андан тышкары жогорку окуу жайлар менен  тыгыз байланышта болушат. Андан тышкары кафедрада илимий-изилдөө «Криминалист» ийрими бар. Кафедра  актуалдуу темаларга тегерек столдорду, интеллектуалдуу брейн-ринг конкурстарын уюштуруп өткөрүп турушат. Кафедранын кызматкерлери башка кафедралар  менен биргеликте Академиянын кызматтык даярдоо боюнча сабактарын өткөрөт, жалпы академиялык  иш-чараларга катышат. 2004-2009-ж.ж.«Криминалистикалык борбордук» долбоорду ишке ашыруунун алкагында ЕККУнун эл аралык 22 эксперттери кафедранын кызматкерлери менен биргелешип окутууга катышкан. Актуалдуу темалары боюнча 37 окуу курстары өткөрүлдү.