ОПСКТ

тобтун улук инспектору Бегалиева Назгуль Сулкарбековна

Окуу процессинин сапатын көзөмөлдөө тобу Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атандагы Академиясынын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2021-жылдын 17 августундагы № 522 буйругунун негизинде түзүлгөн.

2022-жылдын октябрынан тарта топту милициянын полковниги Исакова Рахат Орунбаевна жетектеп келет.

               Топ өзүнүн ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ИИМдин Академиясынын Жобосун,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Билим берүү  жана илим министрлигинин мекеме актыларын, Ички иштер министрлигинин  жана Академиясынын жетекчилигинин буйруктарын, тескемелерин жана  окуу процессинин сапатын көзөмөлдөө тобунун Жобосун жетекчиликке алат.

Топтун ишмердүүлүгү окуу процессинин сапатын жана көзөмөлдү камсыздоого жана  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ЖКБнын мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык  жогорку  кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программаларын жүзөгө ашырууга багытталган.

Топтун негизги милдеттери:

– Академияда билим берүүнүн сапатынын абалына үзгүлтүксүз жана системалуу мониторинг жүргүзүү, бул билим берүү керектөөлөрүн канааттандыруу деңгээлине, билим берүү кызматтарынын сапатынын динамикасына, окуу процессин усулдук камсыздоонун натыйжалуулугуна көз салууга мүмкүндүк берет;

     – Жаңыдан ачылган билим берүү программалары боюнча лицензиялоонун тартибин  жүргүзүү жана ишке ашырылып жаткан билим берүү программаларды аккредитациялоо;

– Билим берүү  процессин сапат жаатында Академиянын саясатын ишке ашыруу жана координацияло;

     – Академиянын ишмердүүлүгүндөгү билим берүүнүн сапатын уюштуруу  суроолору жана башка иштер  боюнча изилдөөлөрдү, социалдык сурамжылоолорду өткөрүү;

     – Академияда билим берүүнүн процессинин сапатынына жана көрсөткучүнө мониторинг жана аларга анализ жана сапатты жогорулатуу боюнча чараларды колдонуу;

    – Билим берүү программаларын аккредитациялоо жана лицензиялоо боюнча иштерди уюштуруу жана даярдоо; – Академиядагы билим берүүдөгү сапаты камсыздоонун ички системасын башкаруу жана натыйжалуу иштешин камсыздоо.