АМИжСДТ

Кыргыз Республикасынын ИИМдин  Академиясынын Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобу

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2000-жылдын 8-майында № 256 бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын жобосуна ылайык, башка бөлүктөр менен бирдей Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын саптыка даярдоо жана артиллериялык техникалык куралдануу бөлүмү түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 2017-жылдын 30-мартындагы № 125 буйругу менен саптыка даярдоо жана артиллериялык техникалык куралдануу кызматы, саптык даярдык, аскердик мобилизациялык иштер жана куралдандыруу бөлүмүнө өзгөргөн. Андан кийин 2022-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын структурасын оптимизациялоо жана штаттык ѳзгѳртүүлѳргѳ байланыштуу(Аскердик-мобилизациялык иштер, коомдук баш аламандыктарды алдын алуу боюнча жана саптык даярдыктар бѳлүмүнѳ ѳзгѳргѳн (АМИКБАААБжанаСДБ)).

Ал эми 2022-жылдын 16-август күнүнѳн тартып Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын штаттардын кыскарып жана кайра түзүлгѳндүгүнѳ байланыштуу (Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобуна ѳзгѳргѳн (АМИжанаСДТ).

Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобунун жобосунда, Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобунун кызматкерлеринин функционалдык милдеттери жогоркуда көрсөтүлгөн  буйрук  менен бекитилген.

Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобу Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын бөлүктөрүнүн түзүлүшү болуп саналат, күжүрмөндүк даярдыктын негизги мүчөсү, пландоо, уюштурууну жүзөгө ашырат жана аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдык иштерин көзөмөлдөйт.

Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобунун ишмердүүлүгүн Академиянын начальниги жалпы жетекчилик кылат, ошондой эле өзү көзөмөлдөгөн Академиянын начальнигинин орун басары, түздѳн-түз жетекчиликти- Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобунун улук инспектору. 

Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобу өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз  Республикасынын мыйзамы “Ички иштер органдары жөнүндө”, Кыргыз  Республикасынын нормативдик актылары, Академия жөнүндө жобосунун, Академиянын начальнигинин буйруктары, илимий кенештин чечими, ошондой эле көрсөтүлгөн жобонун негизинде колдонмо кылат.

Академиянын негизги иш-чара мерчемине ылайык Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобунун иши уюштурулат, ошондой эле Академиянын начальнигинин кадр иштери жана кызмат боюнча орун басарытарабынан  1  жылга бектилиген Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобунун иш мерчеми менен жүргүзүлөт. Керектүү учурда Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобунун айкын кылган багыттагы ишмердүүлүгү боюнча кошумча чара мерчеми иштеп чыгылат.

Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобу өзүнүн маселелерин жана кызматтык иштерин Академиянын башкармалыктары, факультеттери, кафедралары, бѳлүмдѳрү жана кызматтары менен тыгыз байланышта аткарат.

Аскердик-мобилизациялык иштер жана саптык даярдыктар тобунун башкы маселеси болуп саналат:

  • Академиянын ѳздүк курамын салтанаттуу, майрамдык жана башка майрамдык иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ даярдоо;
  • мобилизациялык документтердин аткарылышын уюштуруу;
  • курама отрядды түзүү үчүн документтерди даярдоо жана анын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча иштерди уюштуу;
  • мамлекеттик, шаардык, коомдук-саясий, маданий-массалык жана башка иш-чараларды өткөрүү убагында коомдук тартипти камсыздоодо  Академиянын бөлүкчөлөрүнүн өздүк курамынын кызмат өтүүсүн уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ.