КССжПК

кафедранын начальниги Кадырова Ч. А.

Коомдук-саясий сабактар кафедрасы 1969-жылдын 19-майында Фрунзедеги милициянын атайын орто мектебинин түзүлүшү менен бир убакта түзүлгөн. 1991-жылы Фрунзедеги милициянын атайын орто мектеби Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкектеги жогорку мектебине, ал эми коомдук-саясий илимдер цикли коомдук-саясий сабактар кафедрасына өзгөртүлгөн.

Кафедраны ар кайсы мезгилде Панкратова Светлана Александровна, Сманов Марс Бейсембиевич, Бөрүбашев Бекбосун Ишимбекович, Айдаркул Каана жетектеген. 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кафедраны юридика илимдеринин доктору, милициянын полковниги Кадырова Чолпон Айзабековна жетектеп келет.

Окуу процессин оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2022-жылдын 16- августундагы “Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын штаттарындагы уюштуруучулук-штаттык өзгөрүүлөр жөнүндө” №579-буйругу менен кафедрага “Юридикалык психология” сабагы кошулуп, ага байланыштуу кафедра коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасы болуп өзгөртүлгөн.

Кафедранын милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

– профессордук-окутуучулук курамдын окуу-усулдук ишмердигин өркүндөтүү;

– окуучулардын инсандык чыгармачыл дараметин жана алардын мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү максатында кафедранын тармагына ылайык окутуу технологиясын өркүндөтүү;

– профессордук-окутуучулук курамдын, илимий-педагогикалык кызматкерлер менен окуучулардын биргелешкен чыгармачылык ишмердиги аркылуу фундаменталдык, колдонмо илимдерди өнүктүрүү, алынган натыйжаларды окуу процессинде пайдалануу;

– окуучуларды, ошондой эле кафедранын тармагы боюнча жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды алгачкы даярдоо, даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча Академиянын ишмердигине катышуу;

– кафедранын тармагы боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана илимий колдонмолорду даярдоо;

– адеп-ахлактык, маданий жана илимий баалуулуктарын сактоо жана көбөйтүү жана аларды окуучуларга жайылтуу;

– жалпы билим берүү мекемелеринде окучуулардын арасында кесиптик багыт берүү  иштерин өткөрүү;

– окуучулардын арасында тарбия иштерин жүргүзүү.

Учурда коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасында төмөнкү дисциплиналар боюнча сабактар өтүүдө:

• «Кыргызстандын тарыхы»;

• «Кыргызстандын географиясы»;

• «Философия»;

• «Юридикалык логика»;

• «Саясат таануу»;

• «Экономикалык теория»;

• «Маданият таануу»;

• «Саясий жана укуктук окуулардын тарыхы»;

• «Азыркы учурдагы табият таануу концепциялары»;

• «Экология»;

• «Информатика жана математика»;

• «Кесиптик этика»;

• «Көп этникалуу коомчулуктагы ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү»;

• «Юристтин ишмердүүлүгүндөгү маалыматтык технолгиялар»;

• «Укуктун философиясы»;

• «Укуктун тарыхы жана философиясы»;

• «Информатика»;

• «ИИОдогу лидерлик»;

• «Мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик этикасы»;

• «Дин таануу»;

• «Коррупцияга каршы күрөштүн негиздери»;

• «Юридикалык психология»;

• «Башкаруунун психологиясы».

Кафедранын профессордук-окутуучу курамы «Эрудит» илимий ийриминин ишин үч багыт боюнча жетектейт:

  • «Кыргызстан: тарых жана азыркы заман»;
  • «Философия жана азыркы заман»;
  • «Саясат».

Патриоттук тарбиялоо максатында коомдук-саясий сабактар жана психология кафедрасы жыл сайын курсанттар менен студенттердин Мамлекеттик тарых музейине, М.В. Фрунзе, Чынгыз Айтматовдун үй-музейине, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине баруусун уюштуруп келет.

Кафедранын окутуучулары ар кандай эл аралык, республикалык, ЖОЖдор аралык илимий-теориялык, илимий-практикалык конференцияларга, семинарларга жана тренингдерге катышып, өзгөчө практика менен байланышты чыңдоо боюнча региондордо тренингдерди жана сабактарды өткөрүү иштерин алып барышат.

Кафедра жигердүү илимий-методикалык иштерди жүргүзүп келет.