Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультети Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын, укук коргоо, фискалдык органдардын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, Сот системасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерин (аттестацияланган жана жалданма курамын) билим алууга чакырат.

Академия “Юриспруденция” багыты боюнча “бакалавр” квалификациясын ыйгаруу менен төмөнкү багыттарда билим берүү жүргүзөт:

  • 5 жылдык окуу мөөнөтүнө жалпы орто билимдин негизинде, учурдагы жылдын жалпы республикалык тестирлөө сертификаты менен кабыл алынат. Бюджеттик негизде ички иштер органдарынын аттестацияланган кызматкерлери гана кабыл алынат;
  • 3,5 жыл окуу мөөнөтүнө орто атайын юридикалык кесиптик билимдин негизинде Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык органдарынын аттестацияланган жана жалданма курамынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, Сот системасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери кабыл алынат;
  • 2,5 жыл окуу мөөнөтүнө жогорку юридикалык эмес билимдин негизинде, Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана фискалдык органдарынын аттестацияланган жана жалданма курамынын кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, Сот системасынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери кабыл алынат;

Бүгүнкү күндөгү талаптарга ылайык, Академиянын сырттан окуу формасына орто билимдин негизинде 5 жыл окуу мөөнөтүнө жалпы республикалык тесттирлөөнүн жыйынтыгы менен кабыл алынат. Ал эми жогорку билимдин негизинде 2,5 жыл, атайын орто билимдин негизинде 3,5 жыл окуу мөөнөтүнө тапшырган талапкерлер “Кыргызстандын тарыхы”, “Кыргыз (орус) тили жана адабияты” сабактары боюнча тестирлөөдөн өтүшөт.

Талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырышат:

  • билдирме (арыз) жетекчисинин уруксааты менен;
  • анкета;
  • кызмат өтөгөн жеринен окууга жөнөтүү чечими менен кызматтык мүнөздөмө;
  • аскердик дарыгердик комиссиянын корутундусу (5 жыл гранттык бюджеттик орунга);
  • акы төлөө боюнча окууга тапшыргандарга №0,86 медициналык маалымдама;
  • документтин түп нускасы (орто билими жөнүндөгү аттестат, орто атайын кесиптик жана жогорку билими жөнүндөгү диплом);
  • кадрлар бөлүмүнүн кызматкери тарабынан тастыкталган 9х12 – 1 даана, 3х4 – 4 даана сүрөт.
  • фискалдык органдардын аттестацияланган жана жалданма курамынын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Сот системасынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери соттолгон эместиги жөнүндө маалымат.

                   Талапкерлердин окуу көктөмөлөрү 2024-жылдын 7-июлуна чейин кабыл алынат.

               Акы төлөөсү 1 жылга – 21000 сом (жыйырма бир миң сом).

Байланыш телефондору: 0995858557, 0505589093, 0504102087, 0708005353, 0705102119

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *