2026-жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын өздүк курамы адаттагыдай саптык аянтта сапка тизилди.
Иш-чарада ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Сталбек Куренкеев тарабынан кызматтык тартип боюнча тиешелүү нускамалар берилди.

Мындан сырткары, иш-чарада окуу процессинде жана спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды багындырган кызматкерлер жана курсанттар сыйланды.

Сапка тизилүү өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.