Кыргыз Республикасынын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.А. Алиев атындагы Академиясы жаңы окуу жылына карата дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетине кабыл алат
«Бакалавр» квалификациясын ыйгаруу менен «Юриспруденция» багытында дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетине төмөнкүлөр тапшыра алат:
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, салык кызматы органдарынын, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, бажы иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын, Куралдуу Күчтөрүнүн кызматкерлери жана эркин жалданма кызматкерлер, ошондой эле сот системасынын кызматкерлери.
Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн кызматтардагы эркин жалданма кызматкерлеринин эмгек стажы бир жылдан кем эмес болуусу шарт.
Окутуунун мөөнөтү:
- акы төлөнүүчү негизде кесиптик орто юридикалык билим берүүнүн базасында 3,5 жыл окутуу;
- акы төлөнүүчү негизде жогорку юридикалык эмес билимдин базасында 2,5 жыл окутуу.
Кирүү сынактары:
Акы төлөнүүчү негизде 2,5 жана 3,5 жылдык мөөнөттүү окууга тапшырып жаткан талапкерлер Академиядан Кыргызстандын тарыхы, кыргыз (орус) тили жана адабияты сабактары боюнча тесттирлөөдөн өтүшөт.
Документтердин тизмеси:
* жетекчинин визасы менен билдирме (арыз);
* анкета;
* окууга жөнөтүлгөндүгү жөнүндөгү тыянагы менен жумуш ордунан кызматтык мүнөздөмө;
* № 086 формадагы медициналык маалым кат
* билими тууралуу документтин түп нускасы (атайын орто кесиптик же жогорку окуу жайын бүтүргөндүгү тууралуу диплом);
* комплекттөөчү органдын кадрлар аппаратынын кызматкеринин колу жана мөөрү менен тастыкталган 9х12 өлчөмүндөгү 1 даана, 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;
* соттолбогондугу жөнүндөгү маалым кат (ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлеринен тышкары), салык кызматынын органынан, жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан, бажы иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан, Куралдуу Күчтөрүнөн жана сот системасынан келген талапкерлерге.
Талапкерлердин окуу иштери 2026-жылдын 25-июлуна чейин кабыл алынат.
«Магистр» даярдоо программасы боюнча «Юриспруденция» багытына тапшыруу шарттары.
Укук коргоо органдарынын, Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик жана Салык кызматтарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, аттестацияланган жана жалданма кызматкерлери, сот системасынын кызматкерлери, ошондой эле жогорудагы көрсөтүлгөн тизмедеги органдарда кызмат өтөбөгөн Кыргыз Республикасынын жарандары.
Окутуунун түрлөрү:
* Күндүзгү форма – 2 жыл (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);
* Сырттан окуу формасы – 2,5 жыл (укук коргоо органдардын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик жана Салык кызматтарынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аттестацияланган жана жалданма кызматкерлери, сот системасынын кызматкерлери үчүн).
1. Тийиштүү бөлүмдүн жетекчиси менен макулдашылган же Академиянын башчысынын наамына жазылган билдирме (арыз);
2. Жеке маалымат барагы;
3. Өмүр баяны;
4. Дипломдун түп нускасы (бакалавр);
5. Белгиленген үлгүдөгү №086 медициналык маалым кат;
6. 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;
7. Күндүзгү бөлүмгө тапшыруучулар үчүн соттолбогондугу тууралуу маалым кат;
8. Окуу ишин жүргүзүү үчүн көктөмө жана конверт. Талапкерлердин документтери 2026-жылдын 1-сентябрына чейин кабыл