2026-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында 6 айлык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгаруу боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.

Жыйынга ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, башчынын орун басарлары жана түзүмдөрдүн башчылары катышышты.

Кеңешмеде Азамат Ногойбаев ИИМдин Академиясынын жарым жыл ичинде аткарган ишмердүүлүгүнө өз баасын берип, бир катар иштерди аткарууну тапшырды.

Тактап айтканда, ички иштер органдары үчүн кадрларды сапаттуу жана жогорку деңгээлде даярдоо боюнча министрдин тапшырмаларын так аткаруу, жаңы технологиялар жана методдор менен окутууну өркүндөтүү, ошондой эле идеология жана окуу процессин жакшыртууга багытталган бир катар милдеттер коюлду.

Leave a Reply