Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы “Юриспруденция” адистиги боюнча талапкерлерди кабыл алат.

Окуу формасы:

Күндүзгү окуу – бакалавриат

Багыты – “Юриспруденция”

Квалификация – бакалавр  

Окуу мөөнөтү – 4 жыл

Окуунун негизи – акы төлөө,

Баасы жылына 30500 сом

Акы төлөө негизде окууга төмөнкү абитуриенттер кабыл алынат:

17 жаштан 25 жашка чейинки жалпы орто жана кесиптик орто билимдүү жарандар.

Абитуриенттер жалпы республикалык тесттирлөөнүн жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген мөөнөттө,  автоматташтырылган маалыматтык система (АИС) аркылуу сынакка катышат.

Сынакттан өткөндөр төмөнкү иш-кагаздарын тапшырат:

  1. Окууга тапшыруу тууралуу арыз;
  2. Өмүр баян – 2 нускада (колго жазылган жана компьютерге басылган);
  3. Анкета (кадрлар бөлүмүндө толтурулат);
  4. Жашаган жеринен маалымдама (Түндүк тиркемесинен алынган);
  5. Мектептен мүнөздөмө (директордун жана класс жетекчинин колдору коюлган, герби бар мөөр басылган);
  6. Паспорттун көчүрмөсү;
  7. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  8. Сүрөт 9/12 – 1 даана, 3/4 – 2 даана;
  9. Аттестат же диплом (оригинал)
  10. ЖРТ тастыктамасы

Онлайн каттоодон өтүп, иш-кагаздарын ийгиликтүү жана өз убагында тапшырган абитуриенттер Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына окууга кабыл алынат.

Байланыш телефондору:

0(312) 63-14-31, 63-14-19, 63-21-77

0705717161, 0557770738 (ватсап), 0705529881

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *