Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы “Укук коргоо ишмердүүлүгү” адистиги боюнча талапкерлерди кабыл алат.

Абитуриенттер каталган жери боюнча милициянын райондук, облустук ички иштер органдарына кайрылуусу керек.

Окуу формасы:

Күндүзгү окуу – бакалавриат

Багыты – “Укук коргоо ишмердүүлүгү”

Квалификация – бакалавр  

Окуу мөөнөтү – 4 жыл

Окуунун негизи – бюджеттик

Бюджеттик негизде окууга төмөнкү абитуриенттер кабыл алынат:

-2024-жылдын 1-июлуна карата 17 жаштан 25 жашка чейинки жалпы орто жана кесиптик орто билимдүү жарандар.

 -Эркектердин боюнун  узундугу 170 см кем эмес болушу керек. Эгер  абитуриент спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер же 2024-жылдын 1-июлуна карата 18 жашка чыга элек, бирок боюнун узундугу 168 см кем болбосо, уруксат берилет.

-Кыздар боюнун  узундугу 165 см кем эмес болушу керек. Эгер  абитуриент спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер же 2024-жылдын 1-июлуна карата 18 жашка чыга элек, бирок боюнун узундугу 163 см кем болбосо, уруксат берилет.

Тандоо жана кабыл алуу тартиби

Академияга тапшырып жаткан талапкерлер төмөнкү иш-кагаздарын чогултуусу керек:

  1. Окууга тапшыруу тууралуу арыз;
  2. Өмүр баян – 2 нускада (колго жазылган жана компьютерге басылган);
  3. Өмүр баяндык реферат (өз колу менен жазылып, үч барактан кем болбошу керек);
  4. Анкета (кадрлар бөлүмүндө толтурулат);
  5. Жашаган жеринен маалымдама (Түндүк тиркемесинен алынган);
  6. Кошунанын пикири (үч кошунасы берет, милициянын аймактык ыйгарым өкүлүнүн тастыктоосу жана мөөрү басылган);
  7. Мектептен мүнөздөмө (директордун жана класс жетекчинин колдору коюлган, герби бар мөөр басылган);
  8. Милициянын аймактык ыйгарым өкүлүнөн маалымдама (мөөр басылган);
  9. Кылмыш иликтөө бөлүмүнөн  маалымдама (мөөр басылган);
  10. Аскердик-дарыгердик комиссиянын медициналык корутундусу;
  11. Аскердик билет же катоо күбөлүгү (эркектерге);
  12. Паспорттун көчүрмөсү;
  13. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  14. Сүрөт 9/12 – 1 даана, 3/4 – 2 даана;
  15. Аттестат же диплом (оригинал)
  16. ЖРТ тастыктамасы

Иш-кагаздарын ийгиликтүү жана өз убагында тапшырган абитуриенттер аскердик-дарыгердик комиссиясына жөнөтүлөт.

Аскердик-дарыгердик комиссиядан өтүү үчүн төмөндөгүлөр керек:

  1. Паспорт;
  2. Аскердик билет же каттоо күбөлүгү;
  3. Спортсмендердин классификациялык китепчеси (эгер  абитуриент спорттун чебери жана спорттун чеберине талапкерлер болсо);
  4. 3/4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

Аскердик-дарыгердик комиссиядан өткөндөр дене тарбия даярдыгы боюнча ченемдерди тапшыруу үчүн ИИМдин Академиясына жөнөтүлөт.

Ченемдер:

Эркектер:

3000 м чуркоо (эң жакшы – 13.00 мүнөт, жакшы – 13.30, канааттандыраарлык – 14.00;

турникке тартылуу (эң жакшы –11 жолу, жакшы – 9, канааттандыраарлык – 7;

100 м чуркоо (эң жакшы – 13.00 секунд, жакшы – 13.5, канааттандыраарлык – 14.5.

Кыздар:

1000 м чуркоо (эң жакшы – 4:30 мүнөт, жакшы – 4:45, канааттандыраарлык – 5:10;

Чалкасынан жатып денени көтөрүү (эң жакшы –35 жолу, жакшы – 30, канааттандыраарлык – 25;

100 м чуркоо (эң жакшы – 17.00 секунд, жакшы – 17.5, канааттандыраарлык – 18:00.

Сынактарды ийгиликтүү тапшырган талапкерлер, жалпы республикалык тесттирлөөнүн жыйынтыгы менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген мөөнөттө, автоматташтырылган маалыматтык система (АИС) аркылуу сынакка катышат.

Бардык сынактардан ийгиликтүү өткөндөр Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясына окууга кабыл алынат.алама

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө «Милициянын лейтенанты» биринчи атайын наамы ыйгарылып, ички иштер органдарында кызматка дайындалат.

Байланыш телефондору:

0(312) 63-14-31, 63-14-19, 63-21-77

0705529881 (ватсап), 0559120581,

0558868058, 0702868058 (ватсап)

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *