2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын дистанттык-сырттан билим берүү жана магистратура факультетинин студенттеринин, квалификациясын жогорулатуу борборунун угуучуларынын бүтүрүү аземи болуп өттү.

ИИМдин Академиясынын дистанттык сырттан билим берүү жана магистратура факультетин Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнөн келген 150 кызматкер аяктады. Алардын 14 ү магистр, 136сы академиялык бакалавр даражасына ээ болушту.

Ал эми квалификациясын жогорулатуу борборунан алгачкы даярдыктан өткөн 49 угуучу ийгиликтүү аяктап , ички иштер органдарында кызмат өтөөгө укук берүүчү тастыктамаларга ээ болушту. Эми угуучулар Бишкек шаардык, Чүй, Нарын областык ишки иштер бөлүмдөрүндө кызмат өтөөгө киришишет.

Окууну ийгиликтүү аяктаган студенттерди жана угуучуларды ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов куттуктады.

“Өлкөбүздүн тынчтыгын, бекемдигин көздүн карегиндей сактаган жана сактайм деген эр азаматтарыбыз жана кыраакы кыздарыбыз Ички иштер министрлигинин Академиясында билим алып, аны ийгиликтүү аяктап жатат. Бул кубанычтуу күнү сиздерге кызматтагы ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалайм, эң негизгиси мыйзамдуулукту сактаган, тартипти туу туткан кызматкерлерден болуңуздар”- деди окуу жайдын башчысы.

Өз убагында бүтүрүүчүлөр да ИИМдин Академиясынын жетекчилигине, өздүк курамына ыраазычылыктарын билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *