2024-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында адаттагыдай өздүк курам сапка тизилди. Ага ИИМдин Академиясынын жетекчилиги, кызматкерлери, курсанттары, студенттери жана угуучулары катышышты.

Сапка тизилүү КРнын Гимнин аткаруу менен башталды.

Андан соң окуу жайдын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов кызматкерлерге кезектеги атайын наамдарды тапшырды.

Өз сөзүндө, башчы Тариель Абитов, өздүк курамга, алдыда өтө турчу Кыргыз милициясынын 100 жылдык, ИИМдин Академиясынын 55 жылдык мааракелери, 9-май Жеңиш күнү өздүк курамдын парадга катышуусу турат. Буга байланыштуу даярдыкты күчөтүүнү буйруду.

Сапка тизилүү өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *