Мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бекемдөө багытында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин ички иштер органдарына койгон 10 багыттан турган приоритеттүү тапшырмасын жана жыл башында коюлган протоколдук тапшырмаларын аткаруу максатында Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамына конок лекция уюштурулду.

Сабакты, ИИМдин Академиясынын Кылмыш-жаза укугу кафедрасынын доценти милициянын полковниги Манас Аманбаев өткөрүп, кызматкерлерге мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоого, жеке кызыкчылыгы үчүн баңгизат жана башка кылмыштарга аралашпоону алдын алуу иш-чаралары боюнча кенен талкуулап берди.

Иш-чарада Чүй ОИИББнын ардагерлери дагы катышып, кызматкерлерди мекенчилдикке үндөө, кызматтык деңгээлин жогорулатуу жана терс көрүнүштөргө жол бербөө максатында таасирдүү угут-насааттарын айтып кетишти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *