2024-жылдын 30-апрелинде  милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы ИИМдин Академиясынын 55 жылдыгына карата «Коопсуз коом: укук бузууларды алдын алуунун стратегиясы» аттуу Эл аралык жаштар форуму болуп өттү. 

    Ага, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Бекбосун Борубашов, Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Генералдар кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев, Бишкек шаарынын Свердлов районунун акими Алтынбек Кутманов, милициянын көчмө кабылдамасын колдоо ассоциациясынын директору Шамшыбек Мамыров, ИИМдин Академиясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы Төлөгөн Илимгазиев, Эргеш Алиев атындагы фонддун директору Аскар Бектемиров, ошондой эле Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын юридикалык факультеттеринин жетекчилери, студенттери жана магистранттары катышышты.
    


Аталган илимий иш-чарага Россия Федерациясынын, Казакстандын жана Өзбекстандын ички иштер министрлигинин окуу жайларынын өкүлдөрү онлайн форматында катышты.
    


Мааракелик илимий иш-чараны ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов ачып берип, “Бардыгыңыздарды Ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайынын 55 жылдык мааракеси менен куттуктайм! Өзүнүн көп жылдык тарыхында, биздин окуу жай, окуу борборунан заманбап жогорку окуу жайына чейинки даңктуу жолду басып өттү. Окуу жайдын сыймыгы – өз кесибине чындап берилген, пикирлеш кызматкерлерден турган ынтымактуу өздүк курамы. Академия билим берүү процессинде актуалдуу көндүмдөрдү жана билимдерди байытуу менен билим берүүнүн бардык баскычтары боюнча билим берүү программаларынын мазмунун жакшыртууда. Бүгүн, 55 жылдык  мааракебиздин урматына “Коопсуз шаар: укук бузууларды алдын алуу стратегиялары” аттуу форум өткөрүп жатабыз. Форумда каралуучу тема ушунчалык кеңири жана актуалдуу болгондуктан, катышуучулардын чөйрөсүн ата мекендик окуу жайлардын курсанттары жана студенттери менен гана чектөөгө укугубуз жок эле, ошондуктан талкууга чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттерди да чакырууну туура көрдүк. Биздин жаштар форумуна Кыргызстандан, Казахстандан, Өзбекстандан, Россия Федерациясынан ИИМдин окуу жайларынын жана юридикалык окуу жайларынан 100гө жакын адам катышууда. Бул форум ушул тармактагы эң жакшы тажрыйбаларды алмашуу үчүн жаштардын, изилдөөчүлөрдүн жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда укук бузууларды алдын алуунун көйгөйлөрүн талкуулоо үчүн аянтча болуп, жаңы демилгелерди иштеп чыгуунун орду болот деп ишенем”, –деди ал.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө министрдин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов,

“ИИМдин Академиясында окуу жайдын 55 жылдык мааракесине карата коомдук коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүү темасына арналган иш-чаранын өтүп жаткандыгына кубанычтамын. Жалпыңыздарды, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин билим берүү мекемесинин түзүлгөндүгүнүн 55 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктаймын. 55 жыл аралыгында Академия өлкөнүн укук коргоо органдары үчүн кадрларды даярдоонун анык билим булагы болуп калды. Бүгүнкү күндө Академиянын курсанттарына, студенттерине жана угуучуларына жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө, келечектеги жашоо жолун аныктоого кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүдө. Учурда Академия заманбап билим берүү мекемеси катары өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн ар бир жаңы этабына ылайык, кесипкөй жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдап келе жатат. Тагыраак айтканда, ишмердүүлүктүн түрдүү чөйрөлөрүндө жаңы мамилелерди түзүү, жаңы ыкмаларды колдонуу менен аларды активдештирип окуу жайдын статусун өлкө ичинде жана эл аралык деңгээлде жогорулоодо.

Ал эми өткөрүлүп жаткан Эл аралык жаштар форумунда кылмыштуулуктун алдын алуу стратегиясын иштеп чыгууга байланышкан маанилүү маселелерди талкуулоо жана ар бир адам үчүн коопсуз коомду түзүү үчүн биргелешкен чечимдерди табууга чогулуп турабыз. Биргеликте жалпы көйгөйдү чечүүгө жардам бере турган стратегияларды жана инновациялык ыкмаларды талкуулоого келип катышып жатканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиремин”, -деген ишенимин артты.

Илимий иш-чаранын алкагында, жогорку окуу жайлардын студенттери онлайн жана офлайн фарматында төмөндөгү төрт секция боюнча илимий баяндамаларды жасап, кылмыштуулукту алдын алуу боюнча талкууларды өткөрүштү.

“Киберкылмыштуулук: заманбап тенденциялар”, Жарандык коом укук бузуулардын алдын алуунун субъектиси катары: Укуктук жана психологиялык аспектилер, Кылмыш укугу: Кылмыштарды алдын алуу чөйрөсүндө; Кыргыз Республикасындагы укук бузууларды алдын алуу:маселелер жана аларды чечүү жолдору.

Талкуулоолордун жыйынтыктыгында кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери боюнча тийиштүү сунуштар иштелип чыгып, алар бардык кызыкдар тараптардын иш-аракетин мындан ары жакшыртуу учун зор мааниге ээ болору шексиз.

Секция боюнча өткөн илимий-конференциядан соң, ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Тариель Абитов катышуучуларга тастыктамаларды тапшырды.

ИИМдин Академиясынын Басма Сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *