2023-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында Кылмыштуулукту иликтөөнү криминалистикалык камсыздоо жана киберкоопсуздук борборунун ачылышы болуп өттү.
	Борбордун ачылышына Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин Биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, ИИМдин генералдары, ардагерлери, Академиянын жетекчилиги жана өздүк курамы катышышты.
	Борбор, милиция кызматкерлерине, курсанттарга жана студенттерге зыяндуу чабуулдардан кантип коргоонуну, атап айтканда, төлөм банкинг системаларында жайгашкан акча каражаттарын коргоо, зыяндуу программаларды түзүү жөнүндө, электрондук документтерди шифрлөө жөндөмүн жана чеберчилигин өздөштүрүүгө, жасалма интеллект менен туура иштей билүү, интернет мейкиндигинде иштөөнүн анонимдүү ыкмаларын билүү, атайын программаларды колдонуу менен шифрленген электрондук документтерди жана файлдарды орнотууну жана ачууну билүгө үйрөтөт.
	Өз сөзүндө КРнын Ички иштер министринин Биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, жаңы ачылып жаткан борбордун кызматкерлерди, курсанттарды жана студенттерди практикалык жактан даярдоодогу зарылдыгын белгилеп, окутуучулардын санын көбөйтүүнү тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *