2023-жылдын январынан июнь айына чейин ИИМдин Академиясынын курсанттары Түрк тил окутуу борборунда “А1” деңгээлинде түрк тилин үйрөнүү курсуна катышып келишкен.

Курс жумасына 2 жолудан өткөрүлүп, жалпы 175 саат билим алышкан.

Курсту ийгиликтүү аяктаган курсанттарга Түрк тил окутуу борборунун мүдүрү Мустафа Булат тастыктамаларды тапшырды.

Иш-чарага катышкан ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Нурила Маматазизова курсанттарды куттуктап, Мустафа Булатка жана бардык тил үйрөткөн мугалимдерге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле түрк тили келечек милиция кызматкерлери үчүн абдан керектигин жана ИИИМдин Академиясы мындан ары да кызматташууга даяр экенин айтып, конокторго атайын белектерди тапшырды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *