2023-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин  милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында курсанттардын бүтүрүү аземи болуп өттү. Быйыл, ИИМдин Академиясын 100 курсант аяктап, жогорку билимдүү дипломдорун жана алгачкы лейтенант наамын алышты. Бүтүрүүчүлөрдүн ичинен 25 кыздар. Ал эми сегизөө артыкчылык дипломдорун алышты.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов, Президенттин кеңешчиси, юридика илимдерини доктору Бекбосун Бөрүбашев, кыргыз милициясынын генералдары Тилек Асаналиев, Садырбек Дубанаев,  Абдыкапар Мавлянов,  ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев,  Академиянын жетекчилиги жана ардагерлери, Э. Алиев атындагы фондунун өкүлдөрү, Эргеш Алиевдин туугандары, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, туугандары жана достору катышышты. 

Алгач, министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, бүтүрүүчүлөргө кайрылып, алар  Ата Мекенибиздин эң жооптуу болгон коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө тайманбастык жана эрдик менен эмгектене турган кызматка бара жаткандарын баса белгиледи. 

Ошондой эле, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине кайрылып, Мекен үчүн ушундай уул-кыздарды тарбиялап, өстүрүп, жооптуу кызматты аркалоого түрткү болгондору үчүн  ыраазычылыгын билдирди.

Мындан ары, ИИМдин Академиясынын бүтүрүүчүлөрү Ички иштер органдарынын толук кандуу кызматкерлери болуп, бөлүштүрүүлөрдөн соң, аймактарда кызмат өтөөгө киришишет. Эми алар коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү, кылмыштардын бетин ачуу жана иликтөө иштерин аткаруу милдетин алышты.

         Иш-чаранын жүрүшүндө салтка айланып калгандай, бүтүрүүчүлөр Академиянын үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда,  ИИМдин Академиянын  күжүрмөн туусу менен коштошуп, салтанаттык жүрүш менен өтүштү.

Салтанаттуу иш-чара  бүтүрүүчүлөрдүн аткаруусундагы  “Офицердик вальс” менен жыйынтыкталды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *