2023-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Т.Абитов менен Түркия Республикасынын  Жандармерия жана жээк күзөтүү Академиясынын колбашчысы генерал-лейтенант Нух Короглунун онлайн жолугушуусу болуп өттү. Ошондой эле, жолугушууга эки окуу жайдын өкүлдөрү катышышты.

Алгач, Жандармерия жана жээк күзөтүү Академиясынын колбашчысы генерал-лейтенант Нух Короглу ИИМдин Академиясынын башчысы Т.Абитовду милициянын генерал-майору жогорку наамын алгандыгы менен куттуктап, каалоо тилектерин айтты.

Өз сөзүндө ИИМдин Академиясынын башчысы милициянын генерал-майору Т.Абитов Нух Короглуну жана жалпы түрк элин Түркия Республикасынын президенттик шайлоонун ийгиликтүү  өткөндүгү менен куттуктады. Андан соң, ИИМдин Академиясынын курсанттарына түрк тилин үйрөтүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары үчүн кадрларды даярдоо, тажрыйба алмашуу жана  мындан ары кызматташууну бекемдөө боюнча маселелер талкууланды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *