Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында дене тарбияга даярдык жана самбонун күжүрмөн бөлүгү боюнча нускоочуларды даярдоо курсу уюштурулган.

Дене тарбия даярдык кафедрасы тарабынан эки жумалык курстун жумушчу программасы даярдалып чыгып, 2022 – жылдын 5 – декабрынан 17 – декабрына чейин Бюджеттик негизде күндүзгү билим берүү факультетинин бүтүрүүчү курсунан атайын тандалып алынган курсанттар окуудан өтүштү. Курстун бүтүрүүчүлөрүнө бүгүн ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары ю.и.д., милициянын полковниги А.Джоробекова тастыктамаларды тапшырды. Бул иш – чара, бүтүрүүчүлөр ИИОнун аймактардагы бөлүмдөрүнө кызматка жиберилгенде, өздүк курамга дене тарбияга даярдык жана самбонун күжүрмөн бөлүгү боюнча сабак өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *