2026-жылдын 20-21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтүп жаткан «Коомдук коопсуздук жана калктын саламаттыгы үчүн трансулуттук баңгизат коркунучтарына каршы аракеттенүү» темасындагы эл аралык форумга катышты.

Иш-чара Өзбекстан Республикасынын Өкмөтү тарабынан БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен биргеликте уюштурулуп, ага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Дүйнөлүк бажы уюму, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Борбор Азия аймактык маалыматтык координациялык борбору сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форумду Өзбекстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева ачты.

Форумдун жүрүшүндө белгиленгендей, азыркы шартта баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсү трансчекаралык жана виртуалдык мүнөзгө ээ болуп, бул учурдагы тобокелдиктерди жана коркунучтарды күчөтөт. Кылмыштуу топтордун шифрленген байланыш каналдарын, байланыш ыкмаларын жана татаал финансылык инструменттерди колдонуусу баңгизат кылмышына каршы күрөшүүдө жаңы ыкмаларды жана заманбап чечимдерди киргизүүнү талап кылат. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, дүйнө жүзү боюнча 300 миллиондон ашуун адам баңгизаттын таасирине дуушар болуп жатат, ал эми жылына 600 миңдей адам наркоманиянын курмандыгына айланат.

Иш-чаранын катышуучулары жаштардын жана аярлуу топтордун арасында баңгизат колдонуунун алдын алуу, дарылоо жана реабилитациялоо системаларын өнүктүрүү, синтетикалык баңгизаттардын жайылуу шартында укук коргоо оргундарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле заманбап технологияларды, маалыматтарды колдонуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле, форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысы милициянын полковниги Азамат Ногойбаев менен Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысы полковник Рустам Хатамов менен эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууда ички иштер министрликтеринин ортосундагы эл аралык келишимдерге ылайык Өзбекстан Республикасынын ИИМдин Академиясына жөнөтүлгөн курсанттардын окуу процесси, илим жана билим берүү багытында кызматташуу боюнча келишимдер талкууланды.

Leave a Reply