Бүгүн, 2026-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын өздүк курамы адаттагыдай саптык аянтта сапка тизилди.
Салттуу иш-чара Кыргыз Республикасынын Гимнин аткаруу менен башталды.
Андан соң ИИМдин Академиясынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Сталбек Куренкеев тарабынан кызматтык тартип боюнча тиешелүү нускамалар берилди.
Мындан сырткары, иш-чарада окуу процессинде жана спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды багындырган кызматкерлер жана курсанттар сыйланды.
Сапка тизилүү өздүк курамдын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.