2026-жылдын 19-апрелинде Бишкек шаарында SECOM билим берүү мекемесинин демилгеси менен жогорку окуу жайлардын салттуу жарманкеси болуп өттү.
Иш-чарага 1000ден ашуун абитуриент катышты.
Жарманкеде ИИМдин Академиясынын кызматкерлери активдүү катышып, абитуриенттерге окуу жай тууралуу кеңири маалымат айтып, келечектеги кесип тандоосуна багыт беришти.
ИИМдин Академиясы — тартип, билим жана мекенге кызмат кылууну каалагандар үчүн мыкты тандоо.