Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын саптык аянтчасында Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттери үчүн саптык кароо болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө факультеттин жетекчилиги бардык кызматкерлердин сырткы келбетин жана алардын форма кийүү эрежелерин сакташын, ошондой эле кызматтык күбөлүктөрүн жана наамынын маалыматтары менен шайкештигин, чөнтөк шаймандары менен жетондордун бар-жоктугун текшерди. Кызматкерлердин сырткы келбетине канааттандырарлык баа берилип, аныкталган майда кемчиликтер жоюлду.

Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин начальниги милициянын полковниги А.Давлетов окуу жайдын студенттерине жол кыймылынын эрежелерин, форма кийүү эрежелерин сактоо, коррупциянын алдын алуу, кызматтык тартипти  сактоо боюнча нускама өткөрдү.  

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *