Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын рухний-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын Дистанттык-сырттан окуу боюнча билим берүү жана магистратура факультетинин студенттери жана 2-курстун курсанттары Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында коюлуп жаткан Р. Оторбаевдин “Тагдыр” спектаклине барып келишти.

Баңгизатка берилген Жалкытайдын үй-буюмдарын уурдап сатканы аз келгенсип, атасы жолтоо болбогондо апасын өлтүрүүгө да бармак болгон каарман кесилип кетип кайра келгенде же ата-энеден жок, же сүйгөн кыздан жок же достордон жок, ээн көрүстөндө өзүнүн күмбөзүнө өзү өкүрүп жалгыз калганы тууралуу спектакль көрүүчүлөргө тарбиялык таасир берди  десек жаңылышпайбыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *