18-январда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 4-курсунун курсанттарына жана студенттерине Жазык-процесс кафедрасынын демилгеси менен “Таза тергөө” автоматташтырылган маалымат издөө системасы тууралуу конок лекция уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР ИИМдин Тергөө кызматынын башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги С. Аманкулов жана ошол эле кызматтын бөлүм башчысы милициянын майору А. Мавлянов Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан тергөө сапатын жогорулатуу максатында заманбап санарип тутуму аркылуу жүргүзүлүп жаткан иш кагаздарга көзөмөлдү күчөтүү максатында негизделген «Таза тергөө» программасынын алкагында түзүлгөн автоматташтырылган маалымат издөө тутуму тууралуу кенен маалымат берилди.

Жаңы түзүлгөн маалымат издөө тутумунда тергөө, эксперт-криминалисттик жана технологиялык маалымат кызматтарынын электрондук иш кагаздарынын ыкчам кат алмашуусунда өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, өндүрүштөн токтотулган кылмыш иштер, эксперт-криминалисттик корутундулар, кылмыш иштердин алкагында алынган буюм далил заттарды эсепке алуу жана алардын сакталышы, эски жылдардан бери архивде сакталып турган кылмыш иштери тууралуу маалыматтар сакталышын камтый турганы тууралуу курсант, студенттерге практика жүзүндө да көрсөтүлдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *