2023-жылдын 19-январында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясынын жетекчилиги БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын (АУБЖК) регионалдык бөлүмчөсүнүн өкүлдөрү Кыргызстан боюнча улуттук программалардын координатору Исакулов Эркин, программанын адиси А. Аймамат кызы менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясы менен БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын (АУБЖК) ортосундагы 2021-2026 жылдарга карата жарандык иденттүүлүгүн калыптандыруу үчүн “Кыргыз жараны” концепциясын жүзөгө ашыруу максатында түзүлгөн иш-мерчемди аткаруу чөйрөсүндөгү келечектеги кызматташуунун багыттары талкууланды.
БУУнун АУБЖКнын өкүлдөрү ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулар курамынын кесиптик потенциалын жогорулатуу үчүн жана ИИОнун кызматкерлери үчүн чыр-чатакты жөнгө салуу көндүмдөрү боюнча окуу курсунун мазмунун жаңылоо үчүн эксперттик, техникалык жана финансылык жактан жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиршти.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги А. Джоробекова окуу жайдын БУУнун АУБЖК менен биргеликте иш алып баруусунун артыкчылыктуу багыттарын аныктады.
Жолугушуунун соңунда тараптар биргелешкен долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилеп, ИИОнун кызматкерлери үчүн чыр-чатакты жөнгө салуу көндүмдөрү боюнча окуу курсунун мазмунун жаңылоо жаатында көп тараптуу кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *