Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын 2-3-4-курстарынын курсанттары Бишкек шарынын Т. Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрына “Керээз” спектаклине барып келишити. Иш-чара Академиянын тарбия бөлүмчөсү тарабынан уюштурулган. Драматург Кайрат Иманалиевдин калемине таандык “Керээз” спектакли кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхий инсаны Боронбай Бекмурат уулунун ой дүйнөсүн чагылдырат. Ошол кылымдагы туңгуюкка кептелген кыргыз элинин тарыхы жана андан чыгуунун жолдору Боронбай бийдин дүйнө таанымы, тунук ой сезими жана акылы аркылуу сүрөттөлгөн. Спектакль жаштарга чоң таасир калтырып, алардын эли-жерине болгон патриоттук сезимин ойготту десек жаңылышпайбыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *